Юрист Эрик Рыскулбеков: "Оппозициялык фракция мэрлик кызматка талапкер сунуштоо мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок"

Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозициянын талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында оппозиция болууга Өмүрбек Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?" деген соболуна юрист Эрик Рыскулбеков жооп берди.

Рыскулбеков оппозициянын милдетин шаардык кеңештеги азчылык коалиция аткарышы керектигин билдирди.

"Биздин мыйзамда оппозициядан альтернативдүү талапкер чыгаруу укугу азчылык коалицияга берилген. Бирок алар муну колдонушкан жок. Бул шайлоочуларга карата берилген белги. Кийинки чакырылышта бизге мындай депутаттар керек эмес. Мэрликке талапкерди премьер-министр да сунуштаса болмок. Бирок ал да бул кадамга барган жок. Азиз Суракматов буга чейин Жогорку Кеңеште депутат болгон, шаардык кеңешти жетектеп келген таанымал эле инсан. Мен шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга “эмне үчүн сөзсүз Суракматов талапкер болушу керек? Башка татыктуу талапкер жок беле?” деп суроо бергим келип жатат. Негизи эле коалиция талапкер ким болот деп талкуу кылдыбы? Жок дегенде партия ичинде бир нече талапкер чыгып, праймериз жолу менен тандап алынышы керек эле да. Биз буга чейин бийлик тарабынан сунушталып келген Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду көрдүк го. Эмне үчүн кайра эле ушундай жол менен келип жаткан Суракматовго мүмкүнчүлүк беришибиз керек?" - деди Рыскулбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Анвар Артыков, Дастан Бекешев, Сайдулла Нышанов, Зиядин Жамалдинов, Руслан Казакбаев жана укук коргоочу Калича Өмүралиеванын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан