super.kg logo

"Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды" деген маалыматты жөнөткөн окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" июль айындагы жеңүүчүсү болду

 

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары иштеп, каражат таап, өз турмуш тиричилигин жакшыртуу үчүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жүргөндүгү белгилүү. Анын ичинен мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет. Айрым учурда үй-бүлөнүн бир эле мүчөсү иштеп, калган жакындарын камсыздап да жүргүзгөндөр аз эмес. Бул үчүн алар оор жумушка, кээде жагымсыз мамилеге, ысык-суукка кайыл болуп нан таап жүргөндүгүн өзгө жерде эмгектенген ар бир мигрант ырастайт.

Эми мына мекениме кайтып, мээримине жылынам деген мигранттардын кубанарына шек жок. Мына ушундай жакшы маанай менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Кыргыз жерине жол тарткан мекендешибиз жолдо көргөн азабын айтып SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына кайрылган эле.

"Элдик кабарга" окурман 9-июлда "Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Окурман өзүнүн билдирүүсүндө: "Жолго чыгып жатканда айдоочулар 3 күндө Бишкекке жете турганыбызды айтышкан. Бирок унаа жолдо бузулуп, 7 күн жол жүрдүк, күндүн ысыгында автобуста эч кандай шарт жок, 52 жүргүнчү азап тарттык. Айдоочулар кечирим сурагандын ордуна орой мамиле жасашты, алыс жолго чыккан айдоочу камдуу болбойбу", - деп жазган.

Кабар жарыялангандан кийин дароо окурмандардын талкуусун жараткан. Анда көпчүлүк окурмандар жол жүрүүдөгү ар кандай кыйынчылыктарды айтышып, иретке келтирип, карай турган кызмат барбы деп кызыгышкан.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Транспорт жана жолдор министрлигине байланышканда өз ишине так эмес, жүргүнчүнү кыйнаган айдоочуга миң сом өлчөмүндөгү айып салынарын билдиришкен. Мигранттар баштан кечирип келе жаткан көйгөйдү коомчулукка жарыялаган окурман "Элдик кабардын" июль айындагы жеңүүчүсү деп табылды.

"2 жыл Орусияда ашпозчу болуп эмгектенип, мекениме кайтуу үчүн жолго чыктым. Өзүм көргөн азаптан кийин ар бир жолоочу чыга турган унаасын жана аны айдаган айдоочуну жакшылап тандап алуу керектигин айтат элем", - деди ал.

- Айтсаңыз, бизге кабар жөнөтүүгө эмне түрткү болду?

- Биздин мигранттар дайыма узак жолго чыгышат. Алардын тарткан азабы да көп. Мен бул кабар менен мигранттар жок дегенде жол жүрүүдөгү кыйынчылыктарды коомчулук аз болсо да билип, тийиштүү органдар бир карап койсо деген максатта жөнөткөм.

Биз көргөн жолдогу кыйынчылыктарды башка эч ким көрбөсүн. Анткени автобус жараксыз абалда узак жолго чыккан. Карапайым эл 7 күн жолдо жүрүп, ошондо да өздөрүнүн укугунун корголуусун талап кыла алышпагандыгы мени өкүндүрдү. Автобустун жарактан чыгып калганын көрүп, акчабызды берип жолду уланта бергиле деп койбогон айдоочуларга да таң калдым. Мындай унаага түшүп алганыбыз үчүн айыптуудай болуп жаш жигиттерибиз жол бою автобусту түртүп, оңдоп, карала-торала болуп келишти", - деди жеңүүчү.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).

2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.

2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июнь айы - Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү деген маалыматты жөнөткөн окурман.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
01.08.2018. 20:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 03:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер азаматсынар! Туура чечим, туура тандоо, татыктуу женуучу.
01.08.2018. 20:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 03:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жол азабы, кор азабы. Мигранттарга дагы, водителге дагы боорум ооруп кетти. Мени эмне мынча боорукер кылып жаратып койду экен. Эми техника деген техника. Кээде болуп турат да. Аны водителдер менен таксисттер эле тушунбосо, биз тушунбойбуз. Автобустун тили болсо, айтмак,"быягым, тиягым ооруп атат, карап ондоп койчу" деп. Кээде болоор болбос жерин таппай, даалай убара болушат экен. Керек болсо компьютерный диогностика дагы таппай калат экен. Водитель деле жыргабаса керек.
01.08.2018. 21:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
18-02-2010
Соӊку аракети:
22-09-2018 13:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул автобустун эскилиги корунуп туратго. Демек озунор ошол нерсеге кайыл болуп чыккансынарго Казакстанга заезд выездге баргандар авариядан олуп келип жатышат ага карабай мекендештер кундо жуздоп жолго чыгып жатышат баары билет жол кандуу экенин бирок жакшы умут менен жолго чыгышат эмне кылсын баары келип жокчулука такалат. Дегеним ал эжебиз акчасы болсо автобуска отурбайт дагы эле Россияна барбайт дагы эле.айтпаса да баарына тушунуктуу ал автобуста олсон дагы компенсация жок экени.
02.08.2018. 02:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
234
Катталган:
25-02-2013
Соӊку аракети:
08-09-2018 02:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү жерде.
-2
Үстүнө бир аз кошсоңор самолет менен кетесиңер да, эмне куурайсыңар.
02.08.2018. 02:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
234
Катталган:
25-02-2013
Соӊку аракети:
08-09-2018 02:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү жерде.
+3
Крга караганда жакшы эле акча табасыңар, крга айда жылда бир барасыңар, анан барганга жараша таптакыр эле битиребей нормально самолет менен эле кетпейсиңерби? Жанталашып келип анан миллиондогон акчага той өткөрөсүңөр бул жактан, акчаны сапырып. Өз жаныңардан аяп, эски автобуска түшүп узак жолдо баляя барбы десең, ушунча Орусияда иштеп мээме да келбептир автобус мн барат дегенди, это же самоубийство 7 күн ысыкта ужас.
02.08.2018. 02:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
07-07-2015
Соӊку аракети:
02-08-2018 03:05
Жынысы:
Белгисиз
-2
saltanat.,Эжекеси сиз ойлгондой эле акчаны кочодон таап алып жургон жок болсо уйбуломо 1 сом болсо да жардам болсун дейт . Анан россиянын анча мынча шаарларына самолёт учбайт аныда эске алып анан суйлон .Бул жакта менттери менен ФМС эле курутат мигранттарды 5 мин 6 минден айына бериниз эле даже тамак жебей эле коюп иштесем деп каласыз курубай деп ойлонбой суйлоп алдыныз акчасын алгандан кийин шартын тузуп бериш керек водитель!!!!!!!!!!!!!!
02.08.2018. 07:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:22
Жынысы:
Белгисиз
0
saltanat.,"автобуста уч кун жыргааап кетем"деп ким эле чыксын автобуска?Арткан акча бир нерсеге жарап калсын деп чыгат.Баарыле сендей акчаны"куробойт"да.Автобус да жон жерден каттабайт болуш керек.Ошо акча"куробогон"жургунчулор учун каттайт да.
ekaterinburg түзөттү 2018-08-02 08:02:37
02.08.2018. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
21-10-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Океандын ары жагы
0
Эл сындай берет
Ким автобус тандайт, ким самолет тандайт чонтогуно жараша.
Бул жерде баары эле карапайым мигранттар.
Самолетто келгенди да 10 саат кармап.

Техника да
Боодо кырсыктан Кудай сактап келишкенине шугур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: