Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземиндеги театрлаштырылган шоу 1 миң 500 артисттин катышуусунда өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу иш-чаранын тең режиссёр-коюучусу Виктор Фельд билдирди.
"Театрлаштырылган көрсөтүүдө жаңы технологиялар колдонулуп, шоу уникалдуу болот. 9 эпизодду көрсөтүүдө 70 сүрөт менен көчмөндөр философиясы ачылат. Театрлаштырылган көрсөтүү "Манас" эпосу жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен байланышкан. Шоуго цирктин, драма театрдын, балеттин өнөрпоздору, каскадёрлор жана музыканттар катышып, бардык талаа мейкиндиктерин, ал тургай жөө жүргүнчүлөр өтө турган жолдорду да колдонушат. Бул жылы көркөм театрлаштырууда жарыктар көп колдонулат. Коноктор чыныгы театрда жүргөндөй сезимде калышы үчүн ат майдан талаасын өнөр секисине айландырабыз. Бизде лазердик шоу дагы коюлат", - деп баса белгиледи Виктор Фельд.
Мындан сырткары ал ар кандай көрсөтүүлөргө 3 деңгээлдеги сахна колдонулат. Шоунун бирден бир кооздугу чоң ансамблдин музыканттары болот. Чоң масштабдагы салтанатка атайын көчмөндөр оюмдары түшүрүлгөн, көчмөндөрдүн руху чагылдырылган кийимдер тиктирилүүдө. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ар элдин парады жана катышуучу өлкөлөрдүн чыгармачыл жамаатынын көрсөтүүлөрү коюларын кошумчалады.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин "Кырчын" этношаарчасында өтөт. Көрүүчүлөр "Көчмөндөрдүн алтын доору" жана башка улуттук салтуу ырларына, бийине, көчмөндөрдүн жашоосуна, улуттук оюндарына, элдик кол өнөрчүлөр жарманкесине, улуттук тамак-аштарга, көчмөн элдин кийимдер көргөзмөсүнө күбө болуп, улуттук каада-салттар жөнүндө айтуучулар, чыгармачылык жана искусство менен тааныша (сүрөт, чийүү, айкелчилик) алышат.
Ошондой эле иш-чаранын коноктору үчүн дүйнө элинин эпостору, кыска убакытта кыргыз боз үйүн тыкан тигүү жана жыйноо мелдештери уюштурулат. Жооптуу режиссёр Талант Апыев: "Көчмөндөрдүн алтын кылымы" биздин замандын IX, X кылымдарын камтыган кыргыз тарыхын чагылдырат. "Көчмөндөрдүн алтын кылымы" программасында биздин элдин ошол мезгилдеги улуу маданияты, жашоосу, каада-салты, конок тосуусу, аскердик жүрүштөрү чагылдырылат. Ошол мезгилдин турмушун чагылдырууга 1200 адам тартылды. Анын ичинен 100гө жакынын актёр, актрисалар жана каскадёрлор түзөт. Алар башкы ролдорду аткарышса, калгандары сахнадагы көпчүлүктү түзүүчүлөр", - деп билдирди.
Учурда аталган иш-чарага кеңири даярдык Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтүп жатат. 27-августта "Кырчын" этношаарчасында башкы даярдык жүрөт.