Орусиянын Зеленоград шаарында 43 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 26-июль күнү болгон.
43 жаштагы Ө.А. аттуу Кыргыз жараны жана аны менен бирге эс алып жүргөн адамдардын ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыккан. Мындан улам ал ур-токмокко алынып, андан соң аны ошол жерге таштап кетип калышкан. Анын жерде жатканын көргөн адамдар "Тез жардам" чакырышып, Зеленоград шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жатып, тактап айтканда, 31-июль күнү каза болгон. Бул окуя боюнча Зеленоград шаарынын тергөө комитети иш козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.
"Учурда шектүүлөр кармала элек. Маркумдун сөөгү 2-август күнү Москва-Бишкек багыты боюнча жөнөтүлгөн. Бишкек шаарынан туугандары тосуп алып, Токтогул районунда жерге берилет", - деди Улан Кошматов.
Ошондой эле Улан Кошматов маркумдун сөөгүн жөнөтүү боюнча каражат топтоп жакындан жардам берген мекендештерге рахмат айтып, ыраазычылыгын билдирди.