super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарындагы жана ага жакын айылдардагы тургундар таштандынын күйгөндөгү жыты менен дем алат" дейт окурман

 

"Ош шаарынын жана ага жакын айылдардагы тургундарды күнү-түнү таштандынын күйгөндөгү жыты жүдөтүп жатат", - деп окурман өзүнүн билдирүүсүн "Элдик кабар" рубрикасына жазды.

Анын айтымында, жайкысын бул маселе күч алат. Ысыкта таштанды таштоочу жай сасып, өрттөнгөндө жыты шаарды каптайт.

"Негизи бул маселе 3 жылдан бери эле көтөрүлүп келет. Таштанды таштоочу жай эл жашаган аймакка жакын болуп калган. Дароо көчүрүш кыйын экенин түшүнөбүз, бирок тиешелүү тараптардан элди таштандынын жытына, түтүнгө ууландырбай турган аракеттерди жасаганын көрө элекпиз. Эреже боюнча шаардык таштанды таштоочу жай менен калк жашаган аймактын аралыгы канча болушу керек? Бизде канча болуп турат? Маселени чечүү планда барбы?" - деп суроо салган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



Ош шаарындагы таштанды таштоочу жай

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
03.08.2018. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
08-11-2012
Соӊку аракети:
09-09-2018 02:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Туура айтат шаардык свалка ото эле жакын жайгашкан, жана ошондон чыккан тутундун айынан оорулар кобойуп жатат, аркандай аллергиялык жана опко оорулары, вирустук оорулар кобойду, 1,2 кун куйуп очуп калса мейли эле, бул свалка жыл бою ушинтип куйуп турат!
03.08.2018. 17:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 01:10
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында эле ошол свалканын тегерегиндеги адамдар кантип дем алып жашашат?Мен күндө Ноокат тараптан келе жатып кечиндеси өтөм,мусор күйгөндө күндүзү анча билинбесе да,кеч киргенде түтүн олтурганда эми айласыз дем алуу кыйындайт.Мен машинемдин айнегин жаап өтөм,аа ошол жакын аралыктагы адамдар кантти экен деп ойлонуп өтөм.Ушул свалканы да чечип берсеңер оң жагына.
03.08.2018. 19:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
634
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
26-09-2018 01:12
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оздору оз билемдикке салып басып алышкан да свалканын жанынан эми свалканы кочургуло дейт.Озунор кочкуло
03.08.2018. 20:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
08-11-2012
Соӊку аракети:
09-09-2018 02:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Azat.97,билип билбей доодуроп суйлой бербеда, ал жердеги айыл илгертен бери бар, ал жер документально шаардын генпланында бар айылдар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: