Бишкекте талапка ылайыксыз иш жүргүзгөн 2 мекеменин жетекчилерине карата протокол түзүлдү

Бишкек мэриясына караштуу Санитардык экологиялык инспекциянын кызматкерлери тарабынан Биринчи Май районунда кезектеги рейд жүргүзүлдү. Рейд учурунда Ахунбаев - Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Бегемот” тез тамактануу тармагынын айланасында санитардык ченемдердин, шаардык көрктөндүрүү эрежелеринин бузулгандыгы аныкталды. Мэрия билдиргендей, мекеменин кызматкерлери суюк жана тиричилик таштандыларын сугат тармагына ташташары катталган. Ошондой эле Токтогул - Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Бишкек курулуш” ишканасынын айланасында санитардык ченемдердин, шаардык көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу катталды. Рейддин жыйынтыгында мекеме жетекчилерине карата протокол түзүлүп, Биринчи Май райондук административдик комиссиясына жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан