ЭЛДИК КАБАР: "Москвадагы музейлердин биринен өрт чыгып, мигрант жумушчулар жаракат алды" дейт окурман

"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Москвадагы Тургенев атындагы музейде газ баллон жарылып, эки мигрант жумушчу жаракат алды" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

"Москвадагы Остоженко көчөсүндө Тургенев атындагы музей бар. Аталган музейди оңдоп-түзөө иштери 2016-жылы башталган. Оңдоо иштерин чет өлкөдөн келген өзбек, тажик, кыргыз мигранттары жасап жаткан. Бүгүн, 4-августта Москва убактысы менен саат 13:30да аталган музейде өрт чыкты. Окуянын күбөлөрү газ баллон жарылды дешти. Өрттүн кесепетинен эки жумушчу жаракат алды. Алардын биринин териси сыйрылыптыр. Биринин чачы күйүп, кийими толук күйүп кеткенби же чечип салганбы, айтор, кийими жок экен. Жаракат алгандар өзбек же тажик улутунан экенин билбейм, аларды "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып кетишти. Бактыга жараша, кыргыз жигиттери жаракат алган жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Москвадагы музейден өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur72
2018-08-04 19:10:48
Кудай сактаптыр алыста жүргөндө тынч аман болсун баары эле
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан