Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор менен UFC'нин абсолюттук чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун беттеши ушул жылдын 6-октябрында өтөт. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, UFC 229 беттеши АКШнын Лас-Вегас шаарында орун алат. Көптөн күткөн беттештин көрүүчүлөрүнө билеттер 17-августтан тарта сатыла баштайт.
Буга чейин UFC'нин президенти Дэйна Уайт Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун ортосунда беттеш уюштурарын айткан. Бирок 5-апрель күнү UFC 223түн катышуучулары 8-апрелде орун алчу мелдештин алдында маалымат жыйынга катышып, кайра кетип бараткан автобуска Макгрегор достору менен кол салган. Бул иш-аракетинен кийин 6-апрелде Макгрегор камакка алынган. Мындан улам атактуу мушкерлердин беттеши кайсы күнү орун алары чечилбей келген.