Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Жайкы Азия оюндарына даярданууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
2018-жылы 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдешине учурда 9 Кыргыз балбаны даярданууда. Спортчулар Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы “Орион” спорт комплексинде окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Анда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында эл аралык даражадагы спорт чеберлери Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана 6 спорт чебери машыгууда. Окуу-машыгуу жыйындары 15-августка чейин уланат.
Эскерте кетсек, Жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын 2 шаарында өтөт.
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз курамы:
50 килограммга чейинки салмак ченинде: Айсалкын Кожомкул кызы жана Саяна Байызова - спорт чеберлери;
53 килограммга чейинки салмак ченинде: Мадина Надирова - спорт чебери;
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Айбийке Артыкали кызы - спорт чебери;
57 килограммга чейинки салмак ченинде: Назира Марсбек кызы - спорт чебери;
59 килограммга чейинки салмак ченинде: Нураида Анаркулова - спорт чебери;
62 килограммга чейинки салмак ченинде: Айсулуу Тыныбекова - эл аралык даражадагы спорт чебери;
68 килограммга чейинки салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова - эл аралык даражадагы спорт чебери;
76 килограммга чейинки салмак ченинде: Айпери Медет кызы - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков;
Ага машыктыруучу: Байгазы Кенжебаев.