super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-АВГУСТ: Кыргыз жеринде тартылган "Общага" сериалы аркылуу атактуулукка жеткен өзбек актрисасы Шахзода Матчанова 31 жашка чыкты

 

Бүгүн Өзбекстандын театр жана кино актрисасы Шахзода Матчанова 31 жашка чыкты. Ал 1987-жылы Өзбекстандагы Нукус шаарында жарык дүйнөгө келген. Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Дүйнөлүк экономика жана элчилик университетин бүтүргөн.

Жаш кезинде актриса болуу жөнүндө эч качан ойлонгон эмес, бирок ага бир жолу "Өзбекфильмдин" режиссёру көңүл бөлүп, тасмага тартылып көрүүнү сунуштаган. Кастингге барып, бирок тандалган эмес. Ошентсе да анын сүрөтүн көргөн режиссёр Зебо Наврузова кастингге чакырат, бул ирет роль берилип, "Апрель-Май" (2007) тасмасына тартылат.

Атактуулукту ага 2013-жылы Кыргыз жеринде тартылган "Общага" тасмасындагы Тахминанын ролу алып келген. Ошол эле жылы криминал, драмалык жанрдагы Максат Жумаев режиссёрлук кылган "Туман" тасмасында образ жараткан. 2009-жылы ал "Акыркы көз ирмем" ("Последнее мгновение"), "Жан дүйнөмдүн уурдоочусу" (Похититель моей души") жана "Өзүмдү издеп" ("В поисках себя") тасмаларына тартылып актрисалык карьерасын уланткан.

Тартылган тасмалары:

2010-жылы "Глаз души", "Гүл", "Мадина", "Жашоодогу кыялым", "Өжөр" фильмдеринде;

2011-жылы "Закым", "Күйөөнү бердиң, күч бер", "Көрүнбөстөр", "Той", "Укмуштуудай кыялдар" тасмаларында;

2012-жылы "Дүйнө", 2013-жылы "Общага", "Туман", "Мүмкүнчүлүк" тасмалары;

2015-жылы "Күздө гүлдөгөн дарак", "Мүмкүнчүлүк 2", "Баракелде, Камалиддин!";

2016-жылы "Русалкалар үчүн үй" жана "Барон" тасмаларында роль ойногон.

Өзбек кинорежиссёру Ёлкин Туйчиевдин "Русалкалар үчүн үй" тасмасында башкы каармандын ролун аткарып кино жаатында жаңы деңгээлге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анткени аталган тасма эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келет.

Бүгүнкү күнгө чейин 30 фильмдин ажарын ачкан актриса учурда модель катары мода журналдарынын жүзү болуп келет.

2016-жылдын 25-ноябрында ал 29 жашында Омар аттуу мырзага турмушка чыккан. Ошондой эле жолдошунун шоу-бизнес чөйрөсүнөн алыс адам экендигин ачыктаган.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" өзбек актрисасы Шахзода Матчановага "Ак илбирс" статуэткасы ыйгарылды. Сыйлоо аземи 27-апрелде Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында орун алды.
Актриса өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, андагы сүрөтчүнүн атын белгилөө менен ыраазычылык билдирген. Видеодон Кыргыз сүрөтчүсү Төлгөбек Койчуманов тарабынан тартылган актрисанын сүрөтүнүн тартуу процессин көрүүгө болот.
8-августтун жылнаамасы.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
08.08.2018. 20:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул актрисса "Общяга" сериалына чейин эле атактуулукка жетип эл оозуна алынып келген. Ошол учун да биздикилер сунуш киргизген...

Мен бул актриссанын коп кинолорун кордум, бирок ошол "Общягасын" коргон жокмун. Ото жакшы кино болсо эл катары кормокмун.

Негизи озбек киносу Орто Азияда эн мыкты учурда. Союз учурунда бир алтын доорду башынан откорушсо, азыр экинчи алтын доорду жашап жатат озбек кинематографиясы...
08.08.2018. 21:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 20:13
Жынысы:
Белгисиз
-7
Обшага деген кинодо жанагындай кыздын ролун жараткан.
08.08.2018. 23:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
544
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
16-11-2018 00:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+3
Eli.91,Жанагындай кыздын ролун башка кыз аткарган,бул кыз жакшы эле ролду ойногон!
08.08.2018. 23:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
24-01-2014
Соӊку аракети:
16-11-2018 00:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва шаары
+2
Бул кыз Калб кози деген киного катышып атактуулукка жеткен. Общагага катышып Кыргызстанда Атактуу болгон.
09.08.2018. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 00:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
Жолдошумдун жактырган актрисасы)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: