super.kg logo

"Бишкектин жолдорун оңдоо иштери кеңейтилет" деди Азиз Суракматов

 

"Бишкектин жолдорун оңдоо иштери кеңейтилет". Бишкектин мэрлигине талапкер Азиз Суракматов мындай пикирин 6-август күнү Бишкек шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Суракматов ошондой эле ар бир райондорго кошумча менчик мектептерди салуу зарылчылыгы бар экенин белгиледи.

"Жолдорду оңдоо, жаңы жолдорду салуу багытындагы иштерди кеңейтебиз. Анткени жол тыгындарын азайтуу зарыл. Июль, август айларында жол тыгындары болбойт, сентябрдан кайра күчөп баштайт. Демек, биз ар бир районго дагы кошумча менчик бала бакча жана мектептерди салышыбыз керек. Ал эми мектеп окуучуларын ташып жүрүүчү автобустар боюнча да сунуш түштү. Биз бул маселени ойлонуп, шаар бюджетин карап көрүшүбүз керек. Эгерде шаардык кеңеш бекитип берсе, жасоого болот", - деди Суракматов.

Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин айрым депутаттары жана 10го жакын шаар тургундары катышты.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.08.2018. 17:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
624
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип кенейтесинер жолду, акыркы чегине жеткен кенейип, же коп кабаттуу уйлорду алыш керек жолдун жээгиндеги.
06.08.2018. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
13-11-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калайык калк бул отуп алгыча да убадалары,нормально жамай алышпайт,миллиондорду коротуп,анан каяктагы жолду кенейткенди айтып атат.Эл ишене турган нерсе айтса да болот эле,куру соз менен курсак тойгузбай!
06.08.2018. 18:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:45
Жынысы:
Белгисиз
-1
Корунушунон жейм дагы жейм дейтго
07.08.2018. 02:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
15-08-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек. Эгер чындап иштеген мэр болсо 4-5 жылда таанылгыс озгоруулор боло турган Шаар. Баары эле талап тономой. Транспорт, парковка ж/б толо бюджетке пайда келе турган тармактарды Шаар озуно алыш керек. Албетте алууга эрки жеткен Мэр болсо.
07.08.2018. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлана элек жайлайм дейт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: