Депутат Дастан Бекешев: "Сатуудан алынуучу салыкты 5 пайызга көтөрүү боюнча демилге аймактарда жашагандарга зыянын тийгизет"

Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. SUPER.KG порталынын "Бул демилге элге пайдалуубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.

Ал мындай өзгөртүүлөрдүн алыскы аймактагылар үчүн зыяны тие турганын айтты. "Президент Сооронбай Жээнбеков"Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяласа, бул демилге, тескерисинче, аймактарды жок кылууга багытталат. Аймактарда банктык инфраструктура өтө начар. Мисалы, айылдарда банкоматтар жок. Кээ бир жерде банкоматты тапканың менен, дүкөндөрдө карточка аркылуу төлөөгө атайын кассалар жок. Бул демилге өтө зыян алып келет. Биз салыктарды көтөрбөй эле башка маселени карасак туура болмок. Экономика министри Олег Панкратов айылдарды кыдырганын жакшы билем. Бирок ал айылда жашаган эмес. Айылда жашаса позициясы башкача болмок. Аймактарга банкоматтарды алып барганыбыз менен инкассациясы жок. Акчаны алып барууга, толтурууга көп каражат кетет", - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова, Эльвира Сурабалдива, Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан