Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Сапар Исаковдун кайрылуусунун толук тексти:
"Урматтуу Өткүрбек Асылбекович!
2018-жылдын 5-июнунда мага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, ушул күнгө дейре Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагындамын.
13-июлда болжолдуу саат 11:00дө СИЗОнун камерасынан УКМКнын тергөөчүсү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүнө киргизилгем. Сабыров иш бөлмөсүнөн чыгып кетти, ал эми өзүн Илим деп тааныштырган УКМКнын кызматкери менден Нурбек Токтакуновдун жактоочулук кызматынан баш тартуумду сунуштады. Эгер анын сунушунан баш тартсам, анда WikiLeaks сайтында мурда менин атым көрсөтүлгөн макала боюнча мага дагы бир кылмыш ишин козгой турганын айтты. Бирок бул сунуштан баш тарттым жана жактоочум Нурбек Токтакуновго тергөө кызматкерлери тарабынан опузалоо фактысы болгонун элге жеткирүүсүн тапшырдым. Илим аттуу УКМКнын кызматкери 2018-жылдын 5-июнунда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарам каралып жаткан учурда коштоп жүргөндөрдүн арасында болгон.
Айыпталуучуну өз жактоочусунун кызматынан баш тартууга мажбурлоо, болгондо да тергөө кызматкеринин опуза аркылуу бул ишти жасашы - анын кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси) жана жактоочунун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылганы (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси) болуп саналат. Ишке ашырылып жаткан ыкчам издөө жана тергөө ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын негизги багыты катары эсептелинет.
Жогоруда айтылгандын негизинде сизден УКМКнын кызматкерлери тарабынан мага карата жасалган опузалоо фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүү тараптарды аныктап, жоопко тартышыңызды суранам".
Эске салсак, ушул жылы 29-майда мурунку премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде "коррупция" беренеси боюнча айыпталып, 5-июнда УКМКнын тергөө абагына киргизилген.