КҮНСЕРЕП: Шаардык кеңеш шайлоочулардын пикири менен эсептешеби? Жооп эртең билинет

Бүгүн, 7-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жарандык активисттер Бишкек шаардык кеӊешин таратууну талап кылууда. Алар шаардык кеӊеш мэр шайлоодо жоопкерчилик сезбей жатат дешет. Шаардык кеӊештеги КСДП фракциясы соӊку 7 жылда Бишкек шаарына 4 жолу мэр шайлап, анын үчөөнө кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык кеңеши 2011-жылы Иса Өмүркуловду, 2013-жылы Кубанычбек Кулматовду, 2016-2017-жылдары Албек Ибраимовду эки жолу мэр кылып шайлаган. Кызыгы, булардын баарынын аты кылмыш иштеринде аталды. 2013-жылы Өмүркуловго Башкы прокуратура Жеӊиш сейил багынын аянтын мыйзамсыз кичирейткен деп кылмыш ишин ачып, бирок Өмүркулов сот тарабынан акталды. Кулматов Бишкек ЖЭБин жаӊылоо иши боюнча коррупцияга шектелип, учурда УКМКнын камагында отурат. Албек Ибраимов болсо Бишкекте мыйзамсыз жер сатуу кылмышына айыпталып, ал дагы ушул тапта УКМКнын тергөө абагында отурат.

Мындай кылмыш иштеринен кийин ал адамдарды мэрлик кызматка шайлаган шаардык кеӊештин депутаттары жоопкерчиликти сезип жатышабы? Эртеӊ, 8-августта КСДПнын дагы бир талапкери Азиз Суракматовду шаар башчысы кылып шайлаганы турушат. Суракматовдун мэр болушуна каршы жарандык коомдун билдирүүлөрүнө өкмөт башчы да, шаардык кеңеш, анда оппозициядагы "Республика-Ата Журт" фракциясы да үн каткан жок. Бир нече күндүк сындардан кийин Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев курулуш компаниялар империясынын көмүскө кожоюну Суракматовду бир нече адамдын ичинен эӊ татыктуусу деп тандадык деди.

Негизи, Кыргыз аткаминерлеринин жоопкерчилик сезип кызматтан кетиши сейрек кездешет. 2016-жылы Албек Ибраимовду шаардык кеӊеш иш билги кадр, менеджер деп мактап мэрлик кызматка 40тан ашык добуш менен шайлаган. Быйыл Ибраимовдон оомат качканда ошол эле депутаттар аны эмгек өргүүдө жүргөн кезинде ишенбестик көрсөтүү менен кызматтан кетирүү чечимин кабыл алышты. Жакында Кыргыз-Кытай элчиликтери үчүн жер тилкелерин алмашуу боюнча документти Бишкек шаардык кеӊеши бекитпей четке кагып, эртеси кайра бекитип берди. Ушундай аракеттеринен улам шаардык кеӊешти туруктуу позициясы жок, бийликтин ыгынан чыкпаган жетеленме орган, пайдасы болбогон соң тарасын деп сындагандар көп.

Принципке туруп бийликтин ишине макул эместик билдирип, кызматын тапшырып басып кеткендер дагы бар. 2014-жылы ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөрдүн" үлүшүн "Центерра" менен 50-50 пайыздан бөлүшүү боюнча меморандумду Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизген. Анда депутат Эркин Алымбеков бул документ улуттук кызыкчылыкка дал келбей турганын, бул документ парламенттен колдоо тапса депутаттыктан баш тарта турганын айтып чыккан. Парламент меморандумду колдоп, өкмөттү "Кумтөр" боюнча жаӊы сүйлөшүүлөргө жөнөткөн. Эртеси Алымбеков БШКга өз арызын жазып депутаттыктан кеткен. 2016-жылы ал кездеги парламент депутаты Чолпон Жакупова Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгып, эгер Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү деп таанылса, депутаттыктан кетерин жарыя кылган. 2016-жылы декабрда Референдум өттү, 2017-жылы январда Жакупова мандатын тапшырды. Шаардык кеӊеш өзүнүн жүргүзгөн ишин сындап, тандаган кадрын сындан өзүн-өзү таратып жиберүүгө барбасы анык. Ал эми Суракматовду мэрликке шайлабай, аны добуш берүүдө "кулатуу" талаптарына кандай жооп кылат, эртеӊки шайлоо көрсөтөт...

Мурдагы премьер Сапар Исаков УКМКнын тергөөчүсү опузалады деп Башкы прокуратурага кайрылды. Тергөөчүлөр Сапар Исаковду опузалап жатат деп буга чейин Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов айтып чыккан. Ал билдиргендей, Илим аттуу тергөөчү Исаковго адвокат Нурбек Токтакуновдун жактоочулук кызматынан баш тартууну сунуштап, эгер бул сунушту колдобосо ага дагы бир кылмыш иши ачыларын айткан. "Исаков бул окуяны элге жеткирүүнү мага тапшырды", - деген жактоочу. Ал эми УКМК Исаковдун адвокаты карандай калпты апыртып өзүн пиарлап жатат деп маалыматты дароо четке каккан.

Исаков Башкы прокуратурага жазган катында бул окуяны иликтеп, күнөөлүүлөргө чара көрүүнү суранды. УКМКнын жогорудагы жообуна таяп караганда Башкы прокуратурадан деле Исаковду кубантарлык жооп болушу күмөн...

"Авиатраффик" компаниясынын авариялык абалда конууга аргасыз болгон учактары боюнча Жарандык авиация агенттигинде комиссия түзүлдү. Адистер учактар эмнеден улам авариялык абалда конууга кептелгенин изилдөөгө киришти.

Өлкөдө "Авиатраффик" авиакомпаниясынын учактары 1 аптанын ичинде эки жолу авариялык абалда конууга аргасыз болду.

29-июлда Оштон Анталияга учкан учак техникалык мүчүлүштүктөрдүн айынан Бишкекке авариялык конуу жасады. 5-августта Бишкектен Анталияга жөнөгөн аба кемеси абага көтөрүлгөндөн 3 мүнөттөн кийин кайра жерге конууга аргасыз болду. Себеп кыймылдаткычтарынын бири иштебей калган. Бул окуялар боюнча Жарандык авиация агенттигинде атайын комиссия түзүлдү. Жагдай иликтенип бүткөн соӊ анын жыйынтыгына жараша компанияга чара көрүлөрү айтылды.

Оштон Анталияга учкан учакта 89, Бишкектен Анталияга учкан аба лайнеринде 111 жүргүнчү болгон. 2015-жылы да ушул авиакомпаниянын ичинде 159 жүргүнчүсү бар "Боинг" үлгүсүндөгү учагы Ош аэрпортуна конууда учуп-конуучу тилкеден чыгып кетип шассиси, канаты талкаланган. 6 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Расмий маалыматка таянсак, "Авиатраффик" авиакомпаниясы 2003-жылы түзүлгөн. Карамагында 7 учагы бар. Экөө ички каттамга, калганы эл аралык каттамда жүргүнчү ташыйт. Дүйнө жүзүндө аба каттамы жүргүнчү ташуунун эӊ коопсуз түрү деп саналат. Темир жол каттамы коопсуздук боюнча биринчи орунда турган өлкөлөр дагы бар. Кыргыз жеринде жол кырсыгынан күнүнө орточо эсеп менен 3 адам каза болуп, ондогон адам жаракат алат. Жогорку Кеӊештин депутаттары автоунаада жүргүнчү ташуу кооптуу болуп калганын, аба каттамдарына билеттин баасын арзандатып, элдин аба жолдору менен каттоосуна шарт түзүү керектигин айтып келишет. Бир аптада бир компаниянын 2 учагынын авариялык абалда конушу өлкөнүн аба каттамы деле жердеги каттамдай эле кооптуу экенин көрсөтүп койду. Мындай окуялардан соң Кыргыз авиакомпанияларынын көп жылдан бери Евросоюздун "кара тизмесинен" чыга албай жатканына таң калуунун кажети жок...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан