ЭЛДИК КАБАР: "Бизден мыкты футболчу чыгарам деп айылдаш агабыз Дене тарбия академиясына окууга тапшырган. Азыр айылда 6 футбол командабыз бар" дейт окурман

Ош облусундагы Ноокат районунун Борбаш айылынын өспүрүмдөрү футболго чоң кызыгуу артып, бош убактысын спорт менен өткөрүп жатат. Мындай билдирүүнү аталган айылдагы окурмандар "Элдик кабар" рубрикасына жөнөтүштү.

Маалыматка ылайык, жайкы каникулда айылдагы балдар 6 командага бөлүнүп кызыктуу оюндарды өткөрүшүүдө.

"Мындай кызыктуу каникулду айылдаш агабыз Сааданбек Абжапар уулу уюштуруп берүүдө. Ал мектепте окуп жүргөндө эле спортко жакын эле, биздин айылдан мыкты футболчулар чыгат деп мелдештерди уюштуруп турчу. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Дене тарбия академиясына окууга тапшырды. Ал азыр каникулга келип, айылдагы балдардан команда түзүп ойноп жатабыз.

Өзүбүздү Кыргыздын Топ-Лигасындай, Испания, Аргентина, Англиянын курамаларындай сезип, белгилүү футболчулардын атынан да атап алабыз. Агабыздын тилегин орундаткыбыз келет", - деп жазган окурман.

Анда белгиленгендей, айылда 2 футболдук оюн талаасы бар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Lintel
2018-08-07 15:03:00
Мына сага Кыргызстан келечеги. Эгер ушундай айыл жердин балдарын сборныйга тарбияласа жениш коп болот. Сборный бут тааныш билиш акчалуу балдар.
+7
ilgizk
2018-08-07 15:05:11
Ийгилик
+3
Brilant-zhylan
2018-08-07 15:12:30
Ийгилик жигиттер мен Нарайдан болом
+2
monster_high_98
2018-08-07 16:15:18
Коруп алып,кубанганымдан ыйлагым келди,буйруса белгилуу футболчулар чыгат силерден, Ийгилик ийгилик ИЙГИЛИК!
+3
erkinay.s
2018-08-07 16:19:56
Ийгилик.
+2
ekaterinburg
2018-08-07 22:43:45
Стадион куруп берсе боло бир демоорчу чыгып ушу балдарга!Депутатпы,аким-паким дегендер.Сооп да болот,озун пиарлап да алат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан