Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Индонезияда өтүүчү Жайкы Азия оюндарына даярданууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы билдирди.
18-август - 2-сентябрь аралыгында өтүүчү Жайкы Азия оюндарына даярдануу максатында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Анда башкы машыктыруучу Азат Эркимбеков жыйынга 22 балбанды чакырган. Алардын арасында өлкөбүздүн атактуу балбандары бар. Жыйындар 15-августка чейин созулат.
Айта кетсек, Жайкы Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште балбандар 6 салмактык категорияда күч сынашат. Алар 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 килограммга чейинки салмактык чендер.
Окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган балбандар:
- 55 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Балбай Додоков - спорт чебери;
- Жоламан Шаршенбеков - спорт чебери;
- 60 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Калы Сулайманов - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Каныбек Жолчубеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Марлен Асыкеев - спорт чебери;
- Нуртазин Керимберди уулу - спорт чебери;
- 63 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Урмат Аматов - спорт чебери;
- Сүймөн Икромов - спорт чебери;
- 67 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Амантур Исмаилов - спорт чебери;
- Нургазы Асангулов - спорт чебери;
- Нуржигит Кенешбек уулу - спорт чебери;
- Бекназар Бактыбек уулу - спорт чеберине талапкер;
- 72 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Жанат Кыйлыбаев - спорт чебери;
- Акжол Махмудов - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- 77 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Кайрат Түгөлбаев - спорт чебери;
- 82 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Атабек Азисбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- 87 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Самат Шырдаков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Абдулазиз Ашымбеков - спорт чебери;
- 97 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Үзүр Жусупбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Бексултан Махмудов - спорт чебери;
- 130 килограммга чейинки салмак ченинде:
- Ким Роман - спорт чебери;
- Мурат Рамонов - эл аралык даражадагы спорт чебери;
- Ага машыктыруучу: Улукбек Карачолоков;
- Башкы машыктыруучу: Азат Эркимбеков.