super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Таласта талаада чөп өрттөнүп жатканына он күн болду. Көп жылдык арча, карагайлар да күйүп кетти. Канткенде өчөт?" дейт окурман

 

"Талас облусундагы Манас районунда тоодогу чөптүн күйүп жатканына 10 күн болду. Чөп эле эмес, бир топ жылдык арча, кайыңдар күйүп кетти. Канткенде өрттү өчүрөбүз, бактын өсүүсү жай, ал үчүн көп жыл керек. Күйүп кеткени ыза кылып жатат", - деп жазылат "Элдик кабарга" келген бул билдирүүдө.

Окурмандын айтымында, жергиликтүүлөр да өрттү өчүрүү аракеттерин көрүүдө.

"Бул тоого техника чыга албагандыктан өчүрүү көйгөйү курч болуп турат. Ушундай кырдаалда ӨКМга тик учак керек экендигин ойлойт экенсиң. Тургундар бак-дарактын күйүп кеткенине ыза болуп жатабыз, канткенде өрт өчөт. Эми ӨКМ кандай аракеттерди көрөт?" - деп жазылат билдирүүдө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



Манас районунда талаадан чыккан өрт бак-даракты күйгүзүп жатат

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.08.2018. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
375
Катталган:
13-04-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 09:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында жаман болуп атат, пожарныйлар, райондогу мекеме-уюмдун кызматкерлери мырзалар баары чыгып өрт өчүрүп жатышат суу алыс, кыйын болуп атат, мен ушул райондо турам, менда барып келдим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: