Депутат Карамат Орозова: "Кадрлардын бат-бат алмашуусу иштин алдыга жылуусуна тоскоолдук жаратат"

Юстиция министри Айнур Абдылдаева, өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Мурат Мукамбетов иштегенине 4 ай боло элек жатып кызматынан бошотулушту. SUPER.KG порталынын "Бул кадрдык өзгөрүүлөр эмнени билдириши мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жооп берди.

Ал жаңы дайындалган кадр жаңыдан ошол кызматты өздөштүрүп баштаганда башка жакка которуп жиберүү болбой турганын айтты.

"Жаңыдан дайындалган кадр ошол кызматты эми өздөштүрүп баштаганда кетип кала берген болбойт. Ал адам эми тажрыйба топтоп жатканда кетире берген болбойт. Өлкөдө бат-баттан кадрдык өзгөрүү болгону чындыгында иштин алдыга жылуусуна тоскоолдук жаратат. Себепсиз эле кадрларды алмаштыра бербеш керек", - дейт Орозова.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясий ишмерлер Кубатбек Байболов, Эмилбек Каптагаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучулар Марат Казакбаев, Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан