Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев: "Бизде бийликтин партиясында болбосоң кызматтан алынасың же таптакыр барбайсың"

Юстиция министри Айнур Абдылдаева, өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Мурат Мукамбетов иштегенине 4 ай боло элек жатып кызматынан бошотулушту. SUPER.KG порталынын "Бул кадрдык өзгөрүүлөр эмнени билдириши мүмкүн?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Ал министрлердин 4 айга жетпей кызматтан кетишин президенттин кадр саясатын билбегендиги менен байланыштырды. "Биринчиден, президент Сооронбай Жээнбековдун чогуу иштеген, даярдаган кадрларынын жок болгондугу себептүү министрлер тез-тезден алмашып жатат. Экинчиден, анын кадр тандоо саясатын билбегендигинен кабар берет. Бардык маселе ушундан келип чыгууда. Керектүү, иш билген адамдарды кызматка алып келгендин ордуна мурункудан калган, татыксыз адамдарды кызматка дайындоодо. Бирөөнү кызматка алып келерде аны изилдеп чыгып, анан дайындоо керек. Ал үйрөнүп, өздөштүрүп кетет деп бара турган тармакты түшүнбөсө деле дайындап коюу туура эмес. Мындай нерсе эч качан натыйжасын бербейт. Мисалы, Суракматовду атаандашы жок мэрликке көрсөтүп, аны шаардык кеңеш шайлады. Бул карышкырга кой кайтартып койгондой болуп калды. Ошондой эле бизде бийликтин партиясында болбосоң кызматтан алынасың же кызматка таптакыр барбайсың. Муну мамлекетке жасалып жаткан зыян катары караш керек", - деди Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясий ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Кубатбек Байболов, саясат таануучулар Марат Казакбаев, Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан