Караколдогу медициналык окуу жайдын бычакталып өлтүрүлгөн директорунун үйүн анын кызынын 18 жаштагы жигити өрттөп жиберген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын кабарлашты. Маалым болгондой, ал бул ишке сүйгөн кызынан өч алуу максатында жасаган.
"Үйдү өрттөөгө шектүү катары Каракол шаарынын 18 жаштагы Акжолтой Ж. жана 19 жаштагы Адилет М. аттуу тургундары кармалган. Алар өз күнөөлөрүн моюнуна алышты. Алардын айтымында, Акжолтой үйдү медициналык окуу жайдын бычакталып өлтүрүлгөн директорунун кызын кызганып, андан өч алуу максатында өрттөгөн. Ал үйгө балкон аркылуу кирип барып, кыздын бөлмөсүнө бензин чачып өрттөгөн. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иш шаардык соту тарабынан каралды. Шаардык соттун чечимине ылайык, кармалгандар үй камагына чыгарылышты. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти ОИИБден.
Эскерте кетсек, 2016-жылы 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиева өз үйүндө өлүү табылган. Анын өлүмүнө шектелип ошол эле окуу жайдын эсепчиси Р.М. аттуу 40 жаштагы аял кармалганын облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.
2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту соттолуучу Р.М.ны 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде тагылган айыптан актап, ага карата башка иштер боюнча өкүмдөрдү чыгарган. Тактап айтканда, Р.М. медициналык окуу жайдын эсепчиси болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин бюджетине тийиштүү акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алгандыгы аныкталган. Ал эми 2-февралда Ысык-Көл облустук соту Каракол шаарындагы медициналык колледждин директорунун өлүмү боюнча ишти карап, ага ылайык, Каракол шаардык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, айыпталуучу 40 жаштагы Р.М. аттуу аял Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.