super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Өзгөндө айдоочу аял "унаамды чыгарууга тоскоол болду" деп жанындагы жол тандабастын терезесин талкалап кетти"

 
Окурман: "Айдоочу аял 2 унаанын ортосунан өтө албайм деп терезени сындырып салды. Бирок кийин өтүп кетти"
Терезелерди таш менен сындырып, эшигин ачканга аракет кылды

"Өзгөндө айдоочу аял токтоп турган унаасын чыгарууга тоскоол болду деп жанына токтогон жол тандабастын терезесин талкалап кетти", - деп окурман "Элдик кабарга" жазды.

Анын айтымында, мындай көрүнүш бүгүн, 8-августта Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тегерегинде болгон. Анда жеңил унаанын айдоочусу унаа өтүү үчүн орун тар деп ал жерге токтотулган жол тандабастан ээсин күткөн.

"Мен окуяга күбө болдум, аял 20 мүнөттөй жол тандабастын ээсин күттү. Бизге унаа чыгып кете тургандай орун бар экени көрүнүп турду, унааңызды бериңиз, айдап чыгарып берели деген балдардын сунушуна көнгөн жок. Андан кийин ошол жерде турган адамдар Жигулини түртүп, жолду дагы кеңейтип беришти. "Кыйгач айдап өтө албайм" деп көнбөгөн аял таш менен жол тандабастын терезесин талкалап салды. Андан кийин унаасын өтө албайм деп жаткан жерден айдап чыгып кетти", - деп жазат окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
08.08.2018. 19:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:54
Жынысы:
Белгисиз
+14
Болду болбоду бул аял полковниктин катыны же патыны .
08.08.2018. 19:57 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 13:50
Жынысы:
Белгисиз
+13
Көпкөн бирөө окшойт да анча мынчасын уруп ойнобогон, а так бирөнүн машинасына жакын жолоштон коркосун го балээге калбайын деп...
08.08.2018. 20:32 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:19
Жынысы:
Белгисиз
+11
Учурда акчасына копкон катындар кобойду...

Кой дээр кожосу жок да ийге келтире турган. Болбосо тобосуно камчы ойнотуп акылын киргизе тарбиялап кою соопчулук болмок. Башкача акылы башына келбейт...
08.08.2018. 20:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
17-09-2018 23:51
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ачыгын айтканда бизге жарашпайт экен катындардын "за рулем"жургону тейтейип эле мурундарын которуп калышат экен жон эле асмандан тушо калгансып.
08.08.2018. 21:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
07-05-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:35
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чала кылыт, эркек аял экен. Ошентип кебир эркектер аялча машинасын токтотуп коюшат.
08.08.2018. 22:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
18-09-2018 10:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура кылыптыр. Элди тоготпой жолдун ортосуна токтотуп коюптур озу
09.08.2018. 09:34 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
06-08-2018
Соӊку аракети:
27-08-2018 15:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
парковканы карай турган адам жок бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114196;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: