Казакстандын качкыны Мухтар Аблязовго Кыргызстандын паспорту берилди

Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода-сатык министри, олигарх, качкын Мухтар Аблязовго Кыргызстандын паспорту берилди. Белгилүү болгондой, казак олигархына Осмонов Нурдин Бекиевич наамындагы паспорт Аламүдүн паспорт столунда берилген. Мухтар Аблязов “Шахматист” лакап ат менен белгилүү, Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода-сатык министри жана БТА банкынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон. Ал Казакстанда пара алгандыгы үчүн айыпталып 2002-жылы 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал 2003-жылы президент тарабынан мунапыска алынган. Кийинчерээк ага Казакстан, Орусия жана Улуу Британиянын укук коргоо органдары тарабынан кызыкчылык жаралган. 2012-жылга чейин ал Улуу Британияда болуп, андан соң изин жашырып жүргөн. Учурда анын кайда жашай тургандыгы белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан