super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин милдетин Шамил Асымбеков аткарып жатат

 

Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин милдетин Шамил Асымбеков аткарып жатат. Ал өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келет.

Буга чейин өкмөттүк аппаратты Мурат Мукамбетов башкарып келген. Ал кечээ, 8-августта аталган кызматтан бошотулган.

Асымбеков 1963-жылдын 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында туулган. Ал 1986-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун экономика жана айыл чарбасын уюштуруу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу

1986-1988-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун Киров совхозунун экономисти;

1988-жылы Кыргыз компартиясынын Сокулук райондук комитетинин башчысы;

1988-1991-жылдары Кыргыз компартиясынын Ысык-Көл райондук комитетинин инструктору;

1991-1992-жылдары Ысык-Көл районунун "Жаңы жашоо" колхозунда башкарманын орун басары;

1992-1993-жылдары Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башкы инспектору;

1993-1998-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун "АШУ", "Эдиль" дыйкан чарбасынын төрагасы;

1999-2000-жылдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Калкты жумуштуулук менен камсыздоо департаментинин директорунун биринчи орун басары;

2000-2001-жылдары Эсептөө палатасынын башкы инспектору;

2001-2004-жылдары Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы;

2005-2007-жылдары "Шумкар" ААКсынын менеджери;

2007-2008-жылдары Жогорку Кеңеште кеңешчи;

2012-2016-жылдары Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинде кеңешчи;

2018-жылдын апрель айынан тарта өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келет.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: