ЖЫЛНААМА, 9-АВГУСТ: "Сүйүүнүн гимни" аталган "I Will Always Love You" ырынын аткаруучусу, ырчы Уитни Хьюстон көзү тирүү болгондо 55 жашка чыкмак

"Сүйүүнүн гимни" аталган "I Will Always Love You" ырынын аткаруучусу, өзүнүн чыгармачылык жетишкендиктери жана ызы-чуу коштолгон жашоосу менен белгилүү болгон ырчы, актриса, фотомодель жана продюсер Уитни Элизабет Хьюстон 1963-жылы 9-августта АКШнын Нью-Жерси штатында туулган.

Ырчынын апасы чыгармачыл чөйрөдөн болгондуктан Уитни кичинесинен аны менен гастролдорго чыгып, 11 жашында шоу чөйрөсүнө аралашкан. Анын карьерасы алгач өздөрү сыйынган чиркөөдөн башталып, 1983-жылы апасы менен Нью-Йорктогу түнкү клубдардын биринде ырдап жаткан учурда "Arista Records" үн жаздыруучу компаниясынын өкүлү байкап, Уитни менен келишим түзгөн. Көп өтпөй ырчы "Home" аталышындагы ырын элге тартуулаган.Апасы менен

1992-жылы дүйнө эли кызыгып көргөн "Жан сакчы" тасмасы жарыкка чыгып, анда Уитни актёр Кевин Костнер менен бирге тартылып, белгилүү ырчынын ролун аткарган. Кызыгы аталган кинодо ырдаган "I Will Always Love You" дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй хит болуп, ал гана эмес "сүйүү гимни" деп аталган. Бул чыгарма азыркы учурга чейин өз угармандарын жогото элек. Аталган фильмдин АКШдагы кирешеси 121 миллион, дүйнө жүзүндөгү көрүүлөр боюнча 410 миллион долларды түзгөн. Тасма тез арада популярдуу болгону менен, "Алтын малина" сыйлык тапшыруу аземинде Хьюстон "Жылдын начар актрисасы" деген наам алган. Мунун себебин актрисанын өз ролун өтө берилип аткарбагандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Ырчы 1980-жылдары жарашыктуу имидж менен сахнага чыкканына карабастан, 1990-жылдардан соң келбетине көп көңүл бурбай калган. Ал гана эмес интервью, фотосессияларга кечигип, пландап койгон концерттерин башка күндөргө жылдыра берген. Мунун себебин ырчынын баңгизатка арбалып калганы менен байланыштырышкан.

Хьюстон 1989-жылы Бобби Браун аттуу ырчы менен таанышып, 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөн соң баш кошушкан. 1993-жылы түгөйлөр Кристин Хьюстон-Браун аттуу кыздуу болгон.

Бобби Браун жана кызы менен

Жолдошу 1990-жылдары мас абалында унаа айдоо, үй-бүлөсүнө зордук-зомбулук көрсөтүү, уруш-талашка аралашуу сыяктуу кылыктары үчүн түрмөгө да отуруп чыккан. Жубайлардын тааныштары эки ырчы тең баңгизатына байланып калышканын айтышчу. 2003-жылы Бобби Уитниге кол көтөргөндүгү айтылып, бир топко созулган чырдан соң 2007-жылы 24-апрелде түгөйлөр расмий түрдө эки ажырым жолго түшкөн.

Бобби Браун жана кызы Кристин менен Хьюстон 2012-жылдын 11-февралында Беверли-Хиллзге "Грэмми" сыйлыгынын тапшыруу аземине барып, ал жактагы мейманканалардын биринен каза болгон. Тактап айтканда, ырчыны ваннада эс-учун жоготуп жаткан жеринен Мэри Жонс аттуу эжеси тапкан. Мындан улам сыйлык тапшыруу аземинин 54-кечеси Уитни Хьюстонго арналган.

18-февралда ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты "Жаңы үмүт" аталышындагы баптисттердин чиркөөсүндө өткөн. Себеби ырчы 11 жашынан тарта ал жакка барып сыйынып жүрчү. Анын сөөгүн "I Will Always Love You" ыры менен узатышып, акыркы сапарга узатуу зыйнаты интернетте түз алып көрсөтүлгөн. Нью-Жерси штатынын губернаторунун буйругу менен ал күнү бүт аймактагы желектер түшүрүлгөн. Өлүмдүн себебин кокаинди көп өлчөмдө колдонгондуктан жүрөгүнүн согушу начарлаган деп айтышкан. Ошондой эле анын канынан кокаинден сырткары марихуана, тынчтандыруучу жана аллергияга каршы дары-дармек колдонгонун аныкташкан.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Ырчы тууралуу фактылар:

- Кичинесинде агасы менен ойноп жатып кокусунан кийим илгич менен тамагын айрып алган. Дарыгерлер эгер илгич бир аз өйдөрөөк илинип кетсе, Уитни өмүр бою сүйлөй албай калмак экенин айтышкан.

- Уитни Хьюстон 1980-жылдары моделдик кесипти да аркалай баштаган. Ал АКШдагы белгилүү журналдардын башкы бетине чыккан алгачкы кара терилүү модель болгон. Кийин ага кызыккандар көбөйүп, фотосессияга абдан көп чакырууларды ала баштаган.

- "I Will Always Love You" ыры акапелла иретинде жай ыргакта башталгандыктан, көп продюсерлер анын популярдуу болоруна ишенишкен эмес. Бирок тез аранын ичинде өз угармандарын тапкан чыгарма эң кирешелүү ырлардын сап башында турган. Альбом 43 миллион нуска менен чыгып, 3 жолу "Грэмми" сыйлыгына татыган.

- 26 жашында жаш балдарга жардам көрсөтүүчү фонд ачкан. Анда ата-энесиз, оорулуу балдарга жардам көрсөтүлгөн. Ырчы ар бир концертинен түшкөн каражатты аталган фондго которуп турган.

- Уитни балдар гана эмес, жаштардын көйгөйлөрүнө да тынчсыздангандыктан, 1990-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Буш менен кезигип, алардын көйгөйлөрү тууралуу жабык түрдө талкуу жүргүзгөн.

- Ал канчалык атактуу болбосун Голливуддун "Даңк аллеясында" анын ысымы түшүрүлгөн жылдызча жок. Бул боюнча Уитниге суроо беришкенде тамаша-чыны аралаш "мен атымдын жерде тебеленишин каалабайм" деп күлүп койгон. Ал эми көзү өткөндөн кийин күйөрмандары ага сөзсүз түрдө жылдызча берилүү керек экенин айтып чыгышкан. Бирок эч кандай жооп болгон эмес.

- 2015-жылдын январь айында ырчынын жалгыз кызы Кристин баш-мээси катуу чайкалгандыктан комага түшүп, июль айында каза болгон. Анын мындай абалга келүүсүнүн себеби катары – кыз-жигит болуп бир үйдө жашап жүргөн Ник Гордон аттуу жигиттин Уитни Хьюстондон калган мурасты талашып, аны катуу ур-токмокко алгандыгы айтылат.

9-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан