Депутат Акылбек Жамангулов парламенттин карыз алуудагы жоопкерчилиги боюнча: "Жогорку Кеңеш карыз алуу боюнча келишимдердин 99 пайызын ратификациялап берет"

ЖЭБди жаңылоо боюнча чиновниктерди гана эмес, депутаттарды да жоопкерчиликке тартуу керектиги айтылууда. SUPER.KG порталынын "Ири долбоорлор боюнча кредит алууда өлкөнүн кызыкчылыктарынын корголушуна Жогорку Кеңеш да жооп бериши керекпи?"деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов жооп берди.

Ал өлкөгө сырттан насыя же грант алууда негизги жоопкерчилик өкмөттө болорун айтты.

"Албетте, бизде четтен насыя келип жатабы же грант келип жатабы Жогорку Кеңештен өтөт. Бирок ал каражаттын сарпталышы боюнча өкмөт иш алып барат. Бул жерде юридикалык жактан парламент жоопкерчилик албайт. Себеби биз тендер кантип өтүп жатканын, каражат кандай сарпталып жатканын билбейбиз. Жогорку Кеңеш ратификацияны гана карап берет, калганы боюнча өкмөт иш алып барат. Ратификацияга чейин документти Каржы министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана өкмөттүн каржы бөлүмү карап чыгат. Кийин гана Жогорку Кеңешке кирет. Алар жактырат же жактырбайт. Бирок 99 пайызы келишим ратификацияланат. Ал эми ЖЭБ боюнча депутаттарга сын айтылып жатканына ратификациядан башка себеп бар. Учурда ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия, ТВЕАнын чакыруусу менен Кытайга барган делегация боюнча гана маселелер, сындар бар", - деди Жамангулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Акылбек Жамангулов, экс-спикер Адахан Мадумаров, экс-депутат Феликс Кулов, Каныбек Осмоналиев жана эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан