Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясында 6 жылдан бери калдыктарды топтоочу жайда иштеп келе жаткан Айбек Маматкерим уулу каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун айылдашы Кылыч Шанаев билдирди.
Анын айтымында, Маматкерим уулу Бишкектеги ооруканадан айылына бара жатып жолдо көз жумган. "Айбек Маматкерим уулу 26 жашта болчу. Ала-Буканын Көк-Серек айылында жашачу. Азыр айылына алып кетип жатабыз", - деп айтты Шанаев.
Ал буга чейин Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыланып жаткан. Ага дарыгерлер өпкөнүн рак оорусу деген диагноз коюшкан. Буга чейин маркум зыяндуу аймакта иштегенине карабай, компания ага компенсация төлөгөн эмес деп нааразычылыгын айткан. Анын мындай пикирин мекеме жетекчилиги четке кагат. Айтымында, Айбек Маматкерим уулу иштеген жерде экологиялык бузуулар жок. Ал эми айлык акы 3 күн эрте түшөт деп билдирди. Жабырлануучу тарап эгерде өндүрүш учурунда укук бузуулар болгонун айтып, кагаз жүзүндө компанияга кайрылса, маселени четке какпайбыз дейт. Бул тууралуу видеоматериалды көрүү үчүн SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.