КҮНСОБОЛ: Роза Отунбаеванын миграция тууралуу сөзү талашка түштү. Миграция өлкөнүн трагедиясыбы же мүмкүнчүлүгүбү?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

"Мекендештер" форумунда экс-президент Роза Отунбаева миграцияны туура башкарып, туура пайдалануу керектигин билдирген. Ал мекендештердин ар тарапта жүргөнү трагедия эмес, азыркы көрүнүш экенин айткан. Роза Отунбаеванын бул сөзү талашка түштү. SUPER.KG порталы "Миграция өлкөнүн трагедиясыбы же мүмкүнчүлүгүбү?" деген собол салды.

КЕЛДИБАЕВ: "Миграцияны трагедия дагы, мүмкүнчүлүк деп да айтсак болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев миграция маселесин эки тарабынан тең карап көрүш керек экенин айтты.

"Миграцияны трагедия, мүмкүнчүлүк деп дагы айтсак болот. Өлкө жумуш менен камсыздап, жарандар сыртка чыкпай өз жеринде иштесе жакшы болмок. Бирок өлкөдө жумуш орундары жок болгондуктан алар өз ырыскысын башка жактан издеп кетишүүдө. Түркияны мисал катары алсак, 30 жыл мурун ал өлкөнүн эли да Европага көп чыгып кетишкен. Кийин кайтып келишти, учурда мында алдыңкы өлкөлөрдүн катарында. Бизде келечекте экономикабыз көтөрүлүп элибиз кайтып келет деген ишеничтемин. Калктын 4 миллиону ишке жарамдуу болсо, анын жарымы сыртка чыгып кетүүдө, жумушчу күч, жакшы кадрлар кетип калууда. Бара-бара бул маселе тереңдеп, кадр көйгөйү жаралышы мүмкүн. Ушул жагынан алганда трагедия. Учурда ар бир үй-бүлөдө жок дегенде сыртта иштеп жүргөн бирден адам бар. Менин көз карашым боюнча, учурда мигранттардын мамлекетке пайдасы көбүрөөк, өлкөбүздүн экономикасына салым кошуп жатышат. Алар салган каражат менен элдин жашоосу өтүүдө. Учурда эл өкмөткө үмүт артпай калды, эл сыртка чыгып каражат таап, үй салып, уул-кыз окутуп, өзүнө-өзү ишенип калды", - деди Келдибаев.

НУРБАЕВ: "Миграция – бул ааламдашуу алкагындагы туура эле жараян"

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтымында, миграцияны туура пайдаланса болот.

"Миграция – бул ааламдашуу алкагындагы туура эле жараян. Анткени бул бардык эле мамлекеттерде бар. Бирок ошол миграциядан өзүбүзгө кандай пайда алабыз ошонун үстүндө иштешибиз керек. Учурда Кыргыз өлкөсүнөн чет мамлекетке иштегени барып, кайра эле өзүбүзгө инвестиция кылып жаткандар бар. Мына ошолорго шарт түзүп беришибиз керек. Өзүбүздүн инвестор мекендештерибизге жакшы шарттарды түзүп бере алсак гана башка өлкөнүн инвесторлору келе баштайт. Ошондуктан мен миграциянын жакшы жагын колдонуп калыш керек деген ойдомун", - деди Нурбаев.

СУЛТАН: "Элибиздин тентип кетиши, мамлекетибиздин карызга белчесинен батышы - бул чоң трагедия"

Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан эмгек мигранты болуу – бул жан багуунун катаал жана ырайымсыз аргасы, жашоо үчүн күрөш деген пикирде.

"Өз элиңде, өз жериңде кенен басып жүргөнгө эмне жетсин? Эмгек мигранты болуу – бул жан багуунун катаал жана ырайымсыз аргасы, жашоо үчүн күрөш. Тилекке каршы, мамлекетибиз элди бага албай, жарандарыбыз мекенин таштап тентип кетүүгө аргасыз болууда. Ошол мекендештерибиздин 90 пайыздан ашыгы Кыргыз мамлекетинин тагдырын чечүүчү шайлоолорго да катыша алышпайт же катышкылары келбейт. Чет жерге кеткен жарандарыбыздын балдары гана эмес, керек болсо неберелери да чет жерде төрөлүп-өсүп жатат. Эне тилин унутуп, менталитети өзгөрүп жатат. Ошондуктан мамлекетибиздин элчиликтери мигранттарыбызды бат-баттан чогултуп, ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүп туруусу - улутубузду сактап калуу үчүн абдан маанилүү.

Элибиздин тентип кетиши, мамлекетибиздин карызга белчесинен батышы - бул, албетте, чоң трагедия. Ал эми экс-президент Роза Отунбаеванын айтканын мен трагедия деп алакан жайып отуруп калбастан, ушул кырдаалдан мүмкүнчүлүк табууга болгон чакырык катары кабыл алдым", - деди Кылычбек Султан.

ШАМШИЕВ: "Миграциянын жакшы жана жаман жагы бар"

Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев бардык нерсенин жакшы жана жаман жагы боло турганын айтты.

"Миграциянын түрлөрү бар. Миграция туура жолго салынса, албетте, өлкөдө мүмкүнчүлүктөр болот. Мыйзамсыз миграция ага жараша тобокелчиликтер болсо адам сатуу, сексуалдык эксплуатация, кулчулук фактылар бар. Ар бир нерсенин эки жагы болот эмеспи. Жакшы жагы жана жаман жагы дагы бар. Бир жагынан карасак, биздин жарандар башка мамлекетке барып жаңы адистикти үйрөнүп кайра өлкөгө келгенде жаңы технологиялардын ыкмаларын колдонуп, бизнестерди ачып жатат. Айрымдары өлкөдө жумуш орундарын түзүп жатат. Бирок миграциянын терс жагы биздин эң акылдуу, билимдүү адис балдар, кыздарыбыз башка өлкөгө чыгып келбей жатышат. Биздин позициябыз миграция мыйзамдуу болуш керек", - деди Шамшиев.

АСАНБЕКОВ: "Миграция маселеси - кыргыз элинин башына келген оор көйгөй"

"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков миграция экономиканын төмөндүгүнөн улам келип чыкты деген пикирин билдирди.

"Бул кыргыз элинин башына келген оор маселе. Сүйүнө турган эч нерсе жок. Мунун чечиле турган жолу - бир гана экономиканы өнүктүрүү. Бул бир эле күндө пайда болгон жок. Билимдүү адамдарды туура эмес пайдаланып өзүбүздүн кубаттуулукту чет өлкөгө чыгарып жибергенбиз. Бүгүнкү күндө чет өлкөгө кетип жаткан мигранттарды кайгы катары кабыл алуу керек. Алардын өлкөгө кайтып келүүсүнө шарт түзүүнү өкмөттүн деңгээлинде көтөрүү зарыл. Болбосо биз эч качан бул туңгуюктан чыга албайбыз. Мигрант болуп анча-мынча күнүмдүк пендечилик маселесин чечкен балдарды презентация кыла берген болбойт. Миграциянын артында көп кайгы-муңга баткан, психологиялык жактан кыйналган адамдар бар. Муну мен улуттук трагедия катары кабыл алам. Мамлекетте жумуш орундары түзүлсө, өздөрүнүн социалдык маселелерин чече албай сыртка кеткен билимдүү адамдар өлкөгө кайтып келмек", - деди Асанбеков.

НУРМАТОВ: "Кыргыз өкмөтү миграциядан түшкөн акчага сүйүнбөй, аны токтото албаса да азайтканга аракет кылышы керек"
Жарандык активист Зулпидин Нурматовдун пикиринде, чыныгы трагедия сыртта жүргөн кыргыздар бир учурда өлкөгө кайтканда болот.

"Миграция – бул трагедия дагы, мүмкүнчүлүк дагы. Бул нерсени бир жактуу караса болбойт. Себеби канчалаган мекендештер айылда эч нерсени билбей жүрүп эле чет өлкөгө чыгып бир кесиптин мыктысы болуп иштеп жүрөт. Мисалы, мен да айылда жүргөндө азыркы кесибимдин ээси боло алат белем билбейм. Учурда полиграфия тармагында мастер болуп иштеп жүрөм. Мага окшогондор жүз миңдеп саналат. Ал эми трагедия жагы кыргыздар тышкы миграция да уламдан-улам көбөйүп жатат. Орусияда иштеп жаткандардын балдары орус бала бакчасына барып, орус мектебинде окуп, ой жүгүртүүсү да орусча болуп калууда. Москвада бала бакчага барып, мектебинде окуп жүргөн баланын атасы “орусташып кетти” деп айылга жөнөтсө, WhatsApp'тагы статусуна өз мекенинде жүрүп "скучаю по родине" деп жазып алганын көргөм. Ушул трагедия. Кыргыз мамлекетинде жүгүртүүдө жүргөн акчалардын басымдуу бөлүгү - ошол мигранттар жөнөткөн каражат. Кыргыз өкмөтү миграциядан түшкөн акчага сүйүнбөй, аны токтото албаса да азайтканга аракет кылышы керек. Бизде, тескерисинче, көбөйүп жатат. Сыртта жүргөн кыргыздар бир учурда өлкөгө барып калса мына ошондо накта трагедия болот. Жумуш жок. Тополоң", - деди ал.

АЛТЫБАЕВ: "Мигранттар тапкан кирешесин курсагына эле эмес, билимге, бизнеске сарптаган кезде гана миграция пайдалуу болду деп эсептейм"

Түштүк Кореяда иштеп, окуп келген жарандык активист Нурсултан Алтыбаев мигранттар каражатын билимге сарпташы керек деген пикирде. "Роза Отунбаеванын сөзүн жакшы пикир деп кабыл алдым. Жеке пикиримде, миграция, албетте, жакшы көрүнүш эмес. Анткени калктын ишке жарамдуу гана бөлүгү сыртка чыгып кетет. А өлкөдө улуулар, окуучулар, студенттер жана мамлекеттик кызматкерлер гана калат. Бул жагдай өз кезегинде ички туризм, ички экономика жана карым-катнашка чоң кедергисин тийгизет. Мигранттардын 80 пайыздан ашыгы социалдык муктаждыгын жоюу максатында чет өлкөгө иштегени чыгат. Алар өзүнүн тапкан кирешесин курсагына эле эмес, билимге, бизнеске сарптаган кезде гана миграция пайдалуу болду деп эсептейм. Тилекке каршы, мындай учурлар абдан сейрек кездешет. Мисалы, убагында түштүк кореялыктар дагы Германия, АКШ, Япония жана Араб өлкөлөрүнө мигрант катары барып келишкен. Бирок алар өлкөнү көтөргөн жок да. Мамлекетти билим, инновация, систем, идеология өстүрдү. Аны ким жасады? Албетте, корей өкмөтү жана ар бир жаран. Ошондуктан менин пикиримде, өлкөнүн жаштары чет өлкөгө жумушсуздуктун айынан кетип жатканы мамлекет үчүн трагедия, уят. Өкмөт бул жагдайга каршы чечимдерди кабыл алып, аны токтотушу керек. А мигрант болсо өзүнүн чет өлкөдө иштегенин мүмкүнчүлүк катары баалап, убакытты, акчаны туура пайдаланышы зарыл деп ойлойм", - деди Алтыбаев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан