Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБдеги химиялык суу тазалоочу цехтин курулушун 1-октябрга чейин бүтүрүүнү пландоодо. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына "Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары Исланбек Сарсейитов тастыктады.
"Курулуш боюрса ушул жылдын 1-октябрына чейин бүтөрү пландалууда. Азыркы тапта сууну чыпкалоочу жана сордуруучу жаңы жабдуулар орнотулуп жатат. Мындан башка дубалдарды кыш жана бетон менен тургузуу иштери уланууда", - деди Сарсейитов.
Ушул жылдын февраль айында ТВЕА компаниясы суу даярдап берүүчү жаңы химиялык цех курары айтылган. Курулуш иштерин июль айында бүтүрүү пландалган.
30-июлда "Улуттук энергохолдинг" компаниясы Бишкек ЖЭБдеги химиялык суу тазалоочу цехтин июль айында бүтпөй калганын билдирген. Буга өз учурунда курулуш долбоорунун даяр эместиги себеп болуп, курулушту бүтүрүү 1-октябрга жылдырылганын айтышкан.