super.kg logo

SUPER TV: Жан дүйнө. "Аялым туруп башканы сүйдүм"

 

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "SUPER TV'нын" "Жан дүйнө" долбоорунда.

Машинемдин салонунда "Мен сенден кетейинчи" деп сыздаган ыр. Бишкектен Токмок шаарына багыт алдым. Көңүлүм ушунчалык кирдеп, сиркем суу көтөрбөй баратам. Арада келинчегим чалды.
– Качан келесиң?
– Бир жума кармалам го.
– Жеткенде кабар бер.

Келинчегиме Ош шаарына командировкага кеттим деп жалган айтып койгом.

Аман-эсен жетип алмайынча келинчегим ары-бери басып уктай албай тынчы кетерин билем. Көздөрү алайып мен оорусам кошо ооруй турган, ишим жүрүшпөй калса кошо азап тарткан жанды эстеп ого бетер жаным төрт бөлүнөт.
Теребел тыптынч. Жол созулуп алдымда жатат. Менин гана жалгыздыгым жаныма жолдош болгонсуйт. Сени эстейм. Оюмдун баарын сен ээлеп алгансың. Ортобузда бир нерсе болдубу? Жок, сый мамиле. Чектен өткөн эч нерсе жок. Дайым эле маңдайымда көздөрүң турат. Эч кайда качып кутула албачудаймын. Кээде баарын унуттуруп саласың. Сенден башка жашоом барын да, келинчегим менен эчен ашуу ашып салганымды, деги эле бул жашоонун аки-чүкүсүнүн баарын унуткарасың.

Алгач көргөндө эле чырайлуу жүзүңдөн көзүмдү ала албай дал болгом.

"Кимге буюрса да мыкты жар болор" деп койдум. Анан чогуу иштешип калдык. Сыртыңдан эле сүйүп Айтматовдун Эдигейи болуп жүрөм. Көзгө көрүнбөс жиптер ошондо эле экөөбүздү аралап өткөнсүгөн.

Окуяны толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, видеодон көрүңүз.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.08.2018. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
17-10-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журок сырында ушундай тема бар беле...
11.08.2018. 01:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
549
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
08-10-2018 11:54
Жынысы:
Белгисиз
+11
Видеосу жок эле кара соз менен жазгылачы,ансыз да корком китеп окубайбыз,кечке кино менен видеоролик коруп отурабыз,ошон учун сабатсыздар кобойду,кайсы соз кандай жазылаарын копчулук билбейт,себеби окубайт,коп окуган киши туура жазып калат,андан да жакшысы ан-сезим осот,элестетип,андап,талдап ой жугуртот..
11.08.2018. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыгып окуп баштасан...видеосун коргуло.Фотороман, видеоромандар эч бир жакпайт.Кара соз менен окусан оюн бир жерге топтолуп башкача сезимдер менен окуймунбу???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
115891;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: