super.kg logo

Рекорд койгон үй-бүлөлөр. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң үй-бүлөдө жалпы 346 адам жашайт

 
Украинанын Доброслав айылында өлкөнүн эң чоң үй-бүлөсү жашайт. Аталган үй-бүлө "Дүйнө жүзүндөгү эң чоң үй-бүлө" деген наамга ээ болуп, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталуу алдында турат.
Алдыда сөз дүйнө жүзүндөгү эң көп балалуу үй-бүлөлөр жана алардын тарыхы тууралуу болмокчу.
1. Павел Семенюктун үй-бүлөсү, Украина
Бул үй-бүлөдө жалпы 346 үй-бүлө мүчөсү бар: 13 бала (азыр 10 баласынын көзү тирүү), 127 небере, 203 чөбөрө жана 3 чебере. Семенюктун улуу кызы 66 жашта болсо, эң кичүү чебереси 1 жашка толо элек. Бир айылдын элиндей болгон үй-бүлө башында 87 жаштагы Павел Семенюк турат. Ал өмүр бою куруучу болуп иштеген жана эң кызыгы өмүрүндө бир гана жолу үйлөнгөн. Ал эч качан дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлөнүн ээси болом деп ойлогон эмес.

"Эң негизгиси улгайган кезде мен жалгыз калган жокмун" деп билдирген Семенюк.

2. Зиона Чананын үй-бүлөсү, Индия

Азыркы тапта "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлөнүн ээси деп индиялык уста Зиона Чана эсептелет. Анын үй-бүлөсүндө 192 адам бар. Бирок бул жакта окуя башкача. Анткени Чананын 39 аялы бар. Ошондой эле үй-бүлө 33 неберелүү жана 14 келиндүү болгон. Бир туугандар 4 кабаттуу 100 бөлмөлүү үйдө жашайт. Бул жакта өзүнчө мектеп да бар.

"Мен өзгөчө адам болсом керек, анткени Жараткан ушунча адамга кам көрүүнү буюрду" деп билдирген көп балалуу ата.

3. Луиша Коста де Оливейранын үй-бүлөсү, Бразилия

90 жаштагы Бразилиядагы Риу-Гранди-ду-Норти штатынын жашоочусу 50 баланын атасы болгон. Анын 4 аялы бар. Алардын арасында 1 эне жана анын 2 кызы тең ага жубай болгон. Ошондой эле үй-бүлөнү анын 100 небереси жана 30 чөбөрөсү толуктайт. Луиша Костанын билдиргенине ылайык, ал аялдарынан башка дагы айымдар менен сүйүү мамилесинде болгон жана мындан улам башка балдары да бар болушу мүмкүн.

"Кудайдын жараткан эң жакшы нерсеси - бул аял" деп билдирген Коста.

4. Даада Рахмана, БАЭ

Даада Мурад Абдул Рахмандын 94 баласы бар жана анын айтымында, ал үчүн бул чек эмес. Ал 20 жолу үйлөнгөн. Бирок бир маалда 4төн ашык аял менен жашаган эмес, анткени бул мыйзамга туура келбейт. Үй-бүлө башчысынын 17 үйү жана унаасы бар. Ошондой эле көп балалуу ата мамлекеттен пенсия алат.

5. Ансентус Акукунун үй-бүлөсү, Кения

Көзү тирүү кезинде Асентус Акуку "коркунуч" деген каймана атты алып жүргөн. Анткени ал көзү түшкөн айымды эртеби, кечпи дайыма өзүнө багынтып алган. Биринчи жолу ал 1939-жылы үйлөнсө, акыркы жолу 1992-жылы үйлөнгөн. Ал өмүрүндө 100дөн ашык нике күткөн. Акуку жалпы 160 балалуу болгон. Өзүнүн чоң үй-бүлөсү үчүн ал мектеп, чиркөө салган. 2010-жылы 90 жаш курагында көз жумган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
12.08.2018. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 02:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+2
Укмуууууш..соз жок ай
12.08.2018. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
05-02-2018
Соӊку аракети:
22-08-2018 23:29
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизде Жээнбековдар же Матраимовдар болсо керек эң чоң үй-бүлө))
12.08.2018. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
18-02-2010
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менде булардан да коп болот куда кааласа.
12.08.2018. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
13-04-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акуку жинди экен , 160 дейт,
12.08.2018. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 20:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
кызыксыз.мындай адамга эч качан турмушка чыкпайт болчумун
12.08.2018. 15:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aisle,анда мага чык 3чусу эле болосун
12.08.2018. 16:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 12:31
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз калкымда да ушундай чоң үйбүлөөлөр көп болсун. Кыз-келиндерибизге болоттой бекем ден-соолук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: