"Биздин кызматкерлер атайын чалуу түшкөндүгү үчүн унааны катуу ылдамдыкта айдап бара жатышкан". Аталган маалыматты SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлү билдирди.
Анын айтымында, башкармалыктын унаасы эскерткич сигналды (мигалка) иштетип бара жаткан.
"Биздин кызматкерлер атайын тапшырма менен бара жаткандыгы үчүн катуу ылдамдыкта айдашкан. Манас кең көчөсү менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишине келгенде ак түстөгү Honda Civic үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, оодарылып кеткен. Honda Civic унаасы Фрунзе көчөсү менен келип, биздин унааны артынан сүзгөн. Эскерткич сигнал менен бара жаткандыгы үчүн башка унаалар токтогон, бирок Honda Civic жол берген эмес.
Бул жол кырсыгынан биздин бир кызматкерибиз жаракат алды. Окуя болгон замат эле аны "Тез жардам" унаасы алып кетти. Абалы канааттандырарлык. Honda Civic унаасынын айдоочусу көрсөтмө берүүдө. Бул окуя боюнча протокол түзүлдү", - деп билдирди башкармалыктын өкүлү.
Айта кетсек, 11-августта саат 18:00 чамасында Бишкектин Манас кең көчөсү менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын унаасы жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен.
Күбөлөрдүн айтымында, башкармалыктын унаасы Манас кең көчөсү менен Жибек Жолу көчөсүн көздөй жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Фрунзе көчөсүнөн жол чырактын жашыл түсү жанганда өтүп бара жаткан экинчи унаа тартип сакчысынын унаасын арт жагынан келип сүзгөн. Анын кесепетинен милициянын унаасы оодарылып, 10 метрдей жерге сүрүлүп барган.
Маалыматка караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына таандык унаанын эскерткич сигналы (мигалка) жол чыракка жеткенде гана угулган.