"Жогорку Кеңеш стратегиялык өнүгүү планыбызга керектүү мыйзамдарды кабыл алып берүүгө даяр" деп парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков 13-августтагы Улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
Ошондой эле ал эл өкүлдөрүнүн укуктарын көбөйтүүнү сурап, стратегиядагы кабыл алынып жаткан депутаттарга карата чектөөлөрдү алып салууну сунуштады. Президент Сооронбай Жээнбеков депутаттардын иммунитетине чектөө коюлбай тургандыгын айтты.
“Бизге ушул максаттарга жетүү үчүн саясий туруктуулук керек. Мына президент да парламенттик-демократиялык республика болуп өнүгүшүбүз керек деди. Мында коалициялык көпчүлүк негизги жоопкерчиликти алышы шарт. Биз демократиялык жол менен гана өнүгөбүз. Биздин 2040-жылдагы өнүккөнүбүз бюджетибиздин абалынан билинет. Элдин бийликке болгон ишенимин арттырышыбыз шарт. Ар бир мамлекеттик аткаминер милдеттерин так аткарышы зарыл”, - деди Жумабеков.
Учурда Бишкекте өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өтүүдө. Анда 2040-жылга карата Улуттук стратегиянын жана 2020-жылга карата шайлоо системин өнүктүрүүнүн долбоорлору кабыл алынмакчы. Аталган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык кылууда.