Алайда 39 жаштагы Ч.А. аттуу жаран Хово үлгүсүндөгү жүк ташыган унаасы менен 80 метр бийиктиктен түшүп кетип каза болду. Кырсык 11-август күнү Алай районунун Талды-Суу айылындагы көмүр карьеринде болгон. Бул тууралуу 13-августта SUPER.KG'ге Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.
Анын айтымында, айдоочу алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде каза болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.