Юрист Шарабидин Токтосунов: "Учурдагы соттордо көз карандысыздык жок"

2010-жылдан бери ар бир президент негизги милдети катары сот реформасын ишке ашыруу керектигин айтып келет. Сооронбай Жээнбеков моюнунда бул милдет бар экенин эске салды.

SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн ал реформа ишке ашпай жатат? Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей башташат?" деген соболуна юрист Шарабидин Токтосунов жооп берди.

Токтосуновдун айтымында, судья кызматына таза адамдар келгенде сот тармагы көз карандысыз болууга багыт алат.

"Соттор мыйзамга таянып мыйзамдын негизинде иш алып барганда, ар бир соттун кетирген мыйзам бузуусуна тийиштүү жаза берилгенде адилеттүү иштеп башташат. Ал эми ошол сотторго жаза берүүчү тартип комиссиясы соттордон жана эски соттордон түзүлбөшү керек. Тартип комиссиясы адвокаттардан, коомдук эмес уюмдардан түзүлүшү керек. Мындай жолго барбаса “карга карганын көзүн чукубайт” деп эле мыйзам бузганын көрсөтүп жатсаң деле чара көрүшпөйт. Учурда бийликке ыңгайсыз болгон соттор гана жаза алууда, чыныгы мыйзам бузгандар жазаланбай жатат.

Биз эски соттор менен эч кандай көз карандысыздыкка жете албайбыз, себеби алардын баары мыйзам бузуу фактыларына дуушар болгон, өздөрү мыйзам бузган адамдар. Ушундай адамдардын тартип комиссиясына койсо мыйзамды оңдойбу, менин көзүм жетпейт. Учурдагы соттордо деле көз карандысыздык жок, баары эле көз каранды", - деди Токтосунов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активист Адил Турдукулов, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан