super.kg logo

Карды көргөндө сүйүнүп, бакырып жиберишет, аны жеп көрүшөт... Кыргыз жерине келген араб туристтери тууралуу гиддин баяны

 

Акыркы жылдарда Кыргыз жерине араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны өсүп жатканын аларга өлкөнүн кооз аймактарын көрсөтүп, тааныштырып иштеген гид - Эрболот Касымов айтты. 3 жылдан бери туристтер менен иштешип келе жаткан маектешим "Алар биздин өлкө тууралуу кайдан маалымат алат, биздин жердин эмнесин жактырат, эмнеси жакпайт?" деген суроолорубузга жооп берди.

Айтымында, Касымов гид болуп жай мезгилинде гана иштейт.

"Түркияда магистратурада окуйм. Жайкы эс алууда мекениме келип иштеп кетип турам. Ал эми араб тилин бакалаврда окуп жатканда Бишкектеги Чыгыш университетинен үйрөнгөм", - деди ал.

Эрболот Касымов арабдардын Кыргыз өлкөсүнө акыркы жылдарда байма-бай келип жаткандыгынын башкы себеби - бизде салыштырмалуу тейлөөнүн, азыктардын арзандыгы менен байланыштуу экенин айтат. Таза аба, жаратылыштын кооздугу да башкы орунда экенин белгиледи.

"Кыргыз деген мамлекет бар экендигин араб туристтери социалдык тармак аркылуу билишет. Алардын эң көп колдонгон социалдык тармагы - Snapchat. Бул тармак аркылуу өлкөгө келген ар бир араб ичкен тамагын, барган жерин, жаратылыштын кооздугун сүрөткө тартып алып бири-бирине жөнөтүү менен жарнама кыла беришет. Улам кийин келгени баягы сүрөттү көрсөтүп, ушул жакка алып бар дешет".

"Көлгө барып сууга түшпөгөн араб туристтери"

"Арабдар көлгө барып сууга түшпөй кетишет. Көпчүлүгү көлдүн суусун муздак деп айтышат. Аларга шар аккан суу, бак-дарак, жашыл чөптүү жер керек. Эгер аларга жаккан жерге алып барсаң түндөп, күндөп эле өздөрүнүн тамак-аштарын жасап жеп отура беришет. Көбүнчө араб туристтерин Суусамыр өрөөнүнө алып барабыз. Себеби ал жер баарына жагат. Арабдар Европа өлкөлөрүнөн келген туристтерден айырмаланат. Биринчиден, биздин тарыхый жана улуттук баалуулуктарыбызга кызыгышпайт.

Мындан тышкары алар өлкөнүн кайсы жери кооз же эс алууга жакшы деген маалыматтарды билишпейт. Арабдар жылкыны абдан жактырышат. Кымызын ичип көрүп, бээни саап жатканда карап тура беришет. Анан эң кызыгы, карды көргөндө абдан сүйүнүшөт. Аны кармап көрүп, сүйүнүп бакырып жибергендери да бар (күлүп). Андан кийин аны жеп көрүшөт. Жамгыр жааганда да кийимдери суу болуп калгыча жүрө беришет. Биздин аба ырайы аларга абдан жагат. Ысык-Көл, Суусамырдан тышкары Жалал-Абадга, Сары-Челек, Арсланбапка барышат. Бирок ал жерлерге баары эле бара бербейт, жол узак деп көбү баш тартат.

Балга арабдардын суроо талабы жогору. Алар бир алганда 30-50 литр балды сатып алып кетишет. Ал эми кыргыздын улуттук сувинерлерине кызыкпайт, сатып деле алышпайт. Бизге эң көп Сауд Арабиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана Катар өлкөсүнөн туристтер келишет. Иран, Ирак мамлекеттеринен келгендер жокко эсе. Ошондой эле турист болуп келгендер көбүнчөсү карапайым эле элдер. Алар беш күндөн бир айга чейин эс алып кетишет. Туристтер кыргыздын улуттук тамак-аштарынан өзгөчө бешбармакты жактырышат. Жаратылыштын коюнунда шишкебек жасап жегенге кызыгышат", - дейт ал.

Маектешимдин айтымында, биздин мекендештер чет элдик конокторду тосуп алууну жакшы өздөштүрө элек.

"Туристтерди биздин тейлөө кызматыбыздын начардыгы кыжырдантат. Алар алгач аэропорттогу ажаткананын абалына нааразы болуп, таза эместиги тууралуу айта беришет. "Силердин чоң аэропортуңарда 1-2 эле пол жуугуч иштеп жүрөт, алар кантип имараттын бардыгын тазалап жетишмек эле?" деген суроолорду көп беришет.

Мекенибиздин жайлоолорунда жана башка кооз жерлеринде даараткананын жок экени да маселе жаратат. Мындай учурлар туристтерге ыңгайсыздык жаратып, өлкөбүздү жаман жагынан көрсөтөт деп ойлоп калам. Биз чет элдик конокторду 2-3 чакырым алыстыкта жайгашкан дааратканаларга алып барууга аргасыз болобуз.

Негизи чет элдик конокту тосуп алган мекендештер туристтерди "кийин дагы келсин" деген максатта тосуп-узатса жакшы болмок.

Дагы бир чоң көйгөйлөрдүн бири - бул туристтердин коопсуздугу. Биз алардын коопсуздугун толук түрдө коргой албай калабыз. Кээ бир гиддер эң жөнөкөй делген биринчи жардам берүү же башка керектүү нерселерди билишпейт", - деп кошумчалады.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(18)
16.08.2018. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
430
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 08:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аларга биздин тарых, улуттук сувинирлер кызык эмес, уруп ойнобойт. "Атаң адашып жүргөн, Апаң адашып жүргөн, башка динди карманып " деп койот. Анан биз жер карап калабыз.
17.08.2018. 08:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
17-08-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
===>
+6
bazar,Араптар адашбаптырбы аталары кызын тируулой комуп эмнеге жер карап каласын кыргыз эч качан жер караган эмес
16.08.2018. 18:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
545
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
18-11-2018 22:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+8
Ушундай Кыргызстандай жер анча мынча жерде жок!Ошону туура пайдаланып,туристтерди озубузго тартсак,,,
16.08.2018. 18:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 14:26
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздикилер арабтарды туурап журушот.
16.08.2018. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
07-09-2015
Соӊку аракети:
08-09-2018 07:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Таңдын атканын Азан менен билдирген жер
+1
nuri1,
Эмнесин дуурап жүрүптүр?
16.08.2018. 23:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1382
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 19:47
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эс алса сын такпай эс алып кетсин айтып кой! Талаада ажаткана жоктугу менен кызык аны да айтып кой!
20.08.2018. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
18-03-2011
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
bond02, Тообо турист деген акчасын толоп эс алып жургондон кийин сын тагабы такпайбы аны озу билет. Кыргыздар эмнеге онукпой жатабыз деп коебуз, элдин копчулугунун ан-сезими сиздикиндей болгону учун
17.08.2018. 02:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 06:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+5
Аларга жылкы, буркут, жеп ичмей болсо болду. Алардын чачынан баштап тырмагына чейин пафос
17.08.2018. 08:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
18-11-2018 18:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Эээй арабтар копкон немелер да. Урунаарага тоо таппай турган кездери. Биздин сувенирди эмне кылмак эле. Оюн-зоок, жаны ачылыш болсо болду буларга.
17.08.2018. 09:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
06-11-2018 16:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен арабтардын журум турумун эн томонку денгээлде деп айтат элем. албетте Кытайлардан бир аз жакшы. Бир нече жыл мурун Ош шаарында Араб мамлекетине жумушка алып кетуу учун окулдор келген.Бир кун кечке ангемелешуу жургузуп 7 кызды тандап алышты. Кирген учурда столдун устуно бутун чыгарып алып, чалкалап суроо беришет. Кечинде ошол 7 кызды Оштогу белгилуу ресто барда ойноп- кайф кылып журушот. Мен билгенден жакшы тил билгендер эмес, атайын суйлошулгон эле кыздар откон собеседованиеден.
17.08.2018. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
01-03-2013
Соӊку аракети:
24-10-2018 17:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин эле карангы, күлгөндү да билишпейт.Ошого ичим ачышат.
17.08.2018. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 00:42
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тимеле сүттөй ак боло калышат. Арабдарга караганда Кыргызым Кудайыма шүгүр таза болушат. Арабдар десе ойлочумун динге жакын баары намаз окуйт жана таза деп. Жоок арасында адашып жүргөндөр балит болгондор да бар экен. Квартираларга киришет 2-3кунго алып анан бири күнү жардамым керек болуп кирип калдым. Кирсем полдун баары суу идиш аягы жуулбай толуп кетиптир ракавинасы. Бир эле жолу эмес көп жолу кордум мындайды Ошондон кийин ойлоп калгам булар бизден да төмөн экен деп
17.08.2018. 14:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 00:42
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздикилер озу учун жууп тазалап алышат арабтардай балит эмеспиз.анан келип алып туалетинер кир экен деп ичти куйгузушот
17.08.2018. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 00:42
Жынысы:
Белгисиз
+4
Даже анча мынча квартиралар арабдарга квартира бергенден баш тартышат балит болот деп
17.08.2018. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
12-11-2018 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Исфана
0
Камментарийлерди окуп тан калып атам чындап ошондойбу Арабдар?
18.08.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 00:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Usow,сизге да арабдар ак халат кийип жүрсө ойлочу белениз таптаза деп? Мен да ойлогом ошентип көрсө андай эмес экен. Англисче бирдекени сурап аткан googleга кирип которсом Сатылган сулуу фигуралуу кыздар барбы деп сурап жатыптыр ашатып сөккөм жинденгеним коруп алып кетип калган
18.08.2018. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 20:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы арабтардын сувенирлерин уруп ойнобойм айтып кой
20.08.2018. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
18-03-2011
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Маселе арабтарда эмес, биздин туристтерди озубузго тарта албагандыгыбызда болуп жатпайбы. Буларга эмне акчасы коп, барчу мамлекеттер андан коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117864;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: