Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин Алмаз Бакетаев аткарат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта SUPER.KG порталына ал өзү тастыктады.
Бакетаев буга чейин каржы министринин орун басары болуп иштеп келген.
Буга чейин бул кызматты Ренат Макенов аркалап келген. Ал Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүп жиберген деп шектелген. Шаардык прокуратура аталган жердин менчикке берилиши боюнча 5-июнда кылмыш ишин козгоп, Макенов 6-июлда суракка чакыртылгандан кийин камакка алынган.
Алмаз Бакетаев 1971-жылы 20-январда Талас шаарында туулган. 1993-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтун аяктаган.
1993-1994-жылдары “Талас” ишканасында менеджер-программист;
1994-1995-жылдары Талас облусу боюнча салык полициясынын башкармалыгында инспектор-программист;
1995-жылы Талас шаары боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын тышкы көзөмөл бөлүмүндө мамлекеттик салык инспектор;
1995-1996-жылдары Стамбул шаарында “Komsan” эл аралык соода жана маркетинг Түрк компаниясынын өкүлчүлүгүндө башкы менеджер;
1996-1997-жылдары Свердлов району боюнча мамлекеттик салык инспекциясында мамлекеттик салык инспектору;
1997-2000-жылдары Каржы министрлигинин ички аудит башкармалыгында жетектөөчү адис;
2000-2002-жылдары Каржы министрлигинин ички аудит кызматында башкы адис;
2002-2005-жылдары Каржы министрлигинин борбордук казынасынын сектор башчысы;
2005-жылы Чүй облустук регионалдык казына бөлүмүнүн башчысы;
2005-2010-жылдары Бишкек шаардык казына бөлүмүнүн башчысы;
2010-жылы Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Ленин районунун акиминин орун басары;
2010-2012-жылдары Каржы министрлигинин Бюджеттик саясатты ишке ашыруу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2012-2013-жылдары Каржы министрлигинин экономика тармактарынын чыгашаларын пландоо башкармалыгында жетекчи;
2013-жылы Каржы министрлигинде статс-катчынын милдетин аткаруучу;
2013-2015-жылдары каржы министринин орун басары;
2015-жылдын апрель-май айларында каржы министринин милдетин аткаруучу;
2015-2018-жылдары каржы министринин орун басары.