ЖЫЛНААМА, 19-АВГУСТ: Бүткүл дүйнөлүк гуманитардык жардам күнү

БУУнун башкы ассамблеясы өзүнүн резолюциясы менен 2008-жылы 11-декабрда 19-августту Бүткүл дүйнөлүк гуманитардык жардам күнү деп атаган. Бул датаны календарга киргизүү менен, көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамдар тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү жогорулатуу маселесин койгон.

Бүткүл дүйнөлүк гуманитардык жардам күнүндө ар кандай маалымат жана билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлөт.

Андан тышкары ушул тармакта иштеп, башкаларга жардам берүүнү көздөп өз жашоосу менен коштошкондорду дүйнө жүзү боюнча эскеришет.

Алардын бири - БУУнун кызматкери Сержиу Виейра ди Меллу 2003-жылы 19-августта Багдаддагы жардыруудан улам каза болгон. Бүткүл дүйнөлүк гуманитардык жардам күнү анын урматына ушул күнгө коюлган.

19-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан