Кечээ, 13-августта мамлекеттик гербдин автору Асейин Абдраев 70 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тастыктады.
Асейин Абдраев 1948-жылы Нарын районундагы Кара-Үңкүр айылында туулган. 1969-жылы Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы университетти бүтүргөн. 1993-жылы "Билим берүүнүн отличниги" наамына татыса, 1994-жылы "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамын алган.
Ал Садырбек Дубанаев менен биргеликте 1994-жылы кабыл алынган мамлекеттик гербдин автору болуп эсептелет.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Асейин Абдраевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.