Австриянын борбору Вена дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу шаар деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар америкалык The Economist журналына таянуу менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, экинчи орунду Австралиянын Мельбурн шаары багындырган.
"Ошондой эле андан кийинки орундарды Канаданын Торонто, Калгари, Ванкувер шаарлары ээлеген. Андан сырткары Австралиянын Сидней, Аделаида, Япониянын Токио жана Даниянын Копенгаген шаарлары да мыкты аталган. Ал эми Орусиянын Москва шаары 68-орунга илинсе, эң акыркы орунду Сириянын борбору Дамаск шаары алган", - деп жазылат маалыматта.
Аталган рейтинг жашоочулардын билим деңгээлине, шаардын инфраструктурасына, тазалыгына, саламаттыгына, маданияттуулугуна жана жаратылышка мамилесине карата түзүлгөн.