"Айфондон баш тартабыз". Режеп Тайып Эрдоган Түркияны АКШнын электроникасын колдонбоого чакырды

"Түркияга каршы экономикалык согуш жүрүүдө". Мындай пикирди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарында өткөн улуттук валютанын арзандап кеткенине байланыштуу жыйында айтып чыкканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, Эрдоган түрк лирасын кымбаттатуу боюнча тийиштүү мекемелер күн-түн дебей иш алып барып жатканын айткан.

"Түркияга каршы экономикалык согуш жүрүүдө. Ошондуктан биз АКШнын электрондук товарларына бойкот жарыялайбыз. Алардын Айфону бар, бирок аны Самсунгга жана биздин мамлекеттин өзүнүн Venüs Vestel аттуу үлгүдөгү телефонуна алмаштырабыз", - деп билдирген ал.

Түрк лидери бул "экономикалык согуштун" себебин аталган өлкөнүн ички дүң продукциясынын өскөнү менен байланыштырган.

Өткөн жумада түрк лирасынын куну түшүп, рекорддук деңгээлде арзандады. Жыл башында 1 АКШ доллары 3,7 лирага барабар болгон болсо, учурда 6,3 лирага жетти. Ал эми 1 евро 4,5 лирадан 7 лирага көтөрүлдү.

Түрк лирасынын арзандашына АКШ менен болгон саясий мамиле себеп катары айтылууда. Жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиядан алынып келчү болот менен аллюминийге карата салыкты жогорулатуу чечимин кабыл алган.

Андан сырткары эки өлкө 2016-жылы Түркияда болгон аскердик төңкөрүш маселесинде да тартышып келет. Америкалык пастор Эндрю Брансон 2016-жылкы ыңкылапта дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тыңчысы болгон деп айыпталып, түрк бийлиги тарабынан камакка алынган. Буга карата АКШнын Каржы министрлиги Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен юстиция министри Абдулхамит Гүлгө санкция жарыялаган. Ага ылайык, аталган эки жаранга тийиштүү АКШда жайгашкан мүлктөрдү сатууга, алмаштырууга тыюу салынып, америкалыктар алар менен мамиле кылуу укугунан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
iryi1
2018-08-15 14:17:37
АКШ эми Турциянын сазайын берет го. Турцияда курд сепаратистерди козгоп туруп экинчи Сирияга айлантып салаар бекен Турцияны.
-7
Romantik.
2018-08-15 14:17:47
Бириң кайың бириң тал
Бириң өлүп бириң кал хаха
-12
sumramnur
2018-08-15 14:30:07
Romantik., эмнеге хаха, тушунбодум, озум тыынч болсом, калганы не болсо болсун деген принципте жашайт окшойсун?
+14
Matahara1980
2018-08-15 16:10:32
Тантык
+4
haydarkan
2018-08-15 14:32:01
Эрдоган эн туура эле айтып жатат. Бул менин жеке ойум АКШ бирди коруш керек болуп жатат доллар тушсо рубль да бираз кыймылдаса болот эле бищге окшогон мигранттардын бактысына.
+20
Jin1209
2018-08-15 15:26:27
Доллар тушуш керек бизге да барибир кесепети тийип калат тынч эле болушсунчу жакшы жагына чечилип
+6
Dalil
2018-08-15 15:46:08
Бул Трамптын айынан болуп жатат. АКШ өзүн дүйнөдө эң күчтүү мамлекет сезип, бардык өлкөлөрдүн ички ишине чейин кийлигишип жатат. Алар ар бир өлкөдө акыйкатчы аталган өлкө саткындарын каржылап ич ара мамиленин ыдырашына алып келип жатышат. Эрдоган туура кылып жатат. Бул да аягына чейин тура алабы же Ким Чен Ынга окшоп сөзүнө тура албай калабы? АКШ еврейлер менен тили бир алардан эч качан жакшылык үмүт кылып болбойт.
+7
bond02
2018-08-15 17:39:40
Башкадан баш тартса да айфондон баш тарта алышпайт.
0
Gulkin
2018-08-15 18:41:41
Мигранттарга кыйынле болду лира менен айлык алып доллар кылып кыргызстанга салабыз иштегенибиз текке кетип атат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан