67 жылдык тарыхы бар Жайкы Азия оюндарындагы Кыргыз спортчуларынын жеңиштери тууралуу

XVIII Жайкы Азия оюндарынын ачылыш аземинин башталышына 2 күн калды. Бул ирет Олимпиада сыяктуу эле 4 жылда 1 жолу өтүүчү Азия оюндары Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт. Бул Азиядагы ири мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн 120 атактуу жана мыкты спортчулары катышып, спорттун 25 түрүнөн өздөрүн сынайт. Алар 44 өлкөдөн келген 9 миңден ашуун спортчулар менен кездешет.

Азия оюндарынын тарыхына көз салсак, алгачкы мелдеш 1951-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында орун алган. Анда спорттун 6 түрү боюнча 11 өлкөдөн келген 489 спортчу мелдешкен эле. Кыргыз спортчулары катышкан алгачкы мелдеш 1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында өткөн. Азыркы убакытка чейин Кыргыз спортчулары 46 медалга ээ болуп, алардын 3ү алтын, 17си күмүш жана 26сы коло медалдар.

1994-жыл. Япония, Хиросима шаары.

Алгачкы ирет Кыргыз спортчулары катышкан Азия оюндары 1994-жылдын 2-16-октябрь аралыгында Япониянын Хиросима шаарында өткөн. Анда 42 өлкөнүн 6 миң 800дөн ашуун спортчусу спорттун 34 түрүнөн 335 медалдар топтому үчүн күч сынашкан. Бул мелдеште Кыргыз спортчулары алгачкы ирет катышып жатканы менен 9 медаль жеңип алганга үлгүргөн. Медалчылардын арасында атактуу балбан Раатбек Санатбаев, веложарыш боюнча мыкты спортчу Евгений Ваккер бар. 9 медалдын 4ү күмүш медаль болсо, бешөө коло медаль болгон.

Медалчылардын тизмеси:

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөш - Раатбек Санатбаев;
  • Эркин күрөш - Максат Бобурбеков
  • Веложарыш - Евгений Ваккер;
  • Ок атуу спорту - Юрий Ломов;

Коло медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөш - Руслан Гебеков
  • Эркин күрөш - Нурдин Донбаев
  • Веложарыш - Кыргыз курама командасы 100 чакырым аралыктагы жарышта;
  • Оор атлетика - Митал Шарипов;
  • Заманбап айкалышкан беш спорт (сууда сүзүү, чуркоо, ок атуу, ат оюндары жана фехтования) - Кыргыз курама командасы.

1998-жыл. Таиланд, Бангкок шаары.

Кыргыздар 2-ирет катышкан Азия оюндары 1998-жылдын 6-20-декабрь арылыгында Таиланддын Бангкок шаарында өткөн. Оюндарга 41 өлкөдөн келген 6 миң 500дөн ашуун спортчу катышкан. Алар спорттун 36 түрү боюнча 376 медалдар топтому үчүн күч сынашкан. Бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары 6 медаль жеңип алышкан. Алар 3 күмүш жана 3 коло медаль. Күмүш медалчылардын арасында кайрадан Раатбек Санатбаев, Евгений Ваккер жана Юрий Ломов болгон.

Медалчылардын тизмеси:

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Раатбек Санатбаев;
  • Веложарыш: Евгений Ваккер;
  • Ок атуу спорту: Юрий Ломов;

Коло медалдардын ээлери:

  • Жеңил атлетика: Анна Чернцова;
  • Жеңил атлетика: Николай Давыдов;
  • Ок атуу спорту: Кыргыз курамасы.

2002-жыл. Түштүк Корея, Пусан шаары.

14-жайкы Азия оюндары 2002-жылдын 29-сентябрдан 14-октябрга чейин Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн. Мелдеште 44 өлкөнүн 7 миң 700дөн ашуун спортчу катышкан. Алар спорттун 38 түрү боюнча 419 медалдар топтому үчүн күрөшкөн. Бул оюндар Кыргыз спорту үчүн эң ийгиликтүү болгон, анткени өлкөбүздөн барган 60 спортчубуз 12 медаль утуп алып, алардын арасында 2 алтын медаль да болгон. Алтын медалдарды Кыргыз капчыгына жеңил атлеттер Татьяна Ефименко жана Татьяна Борисова алып келишкен.

Татьяна Ефименко бийиктикке секирүү боюнча мелдеште 1 метр 90 сантиметр жыйынтыгын көрсөтүп, каршылаштарына мындай көрсөткүчкө жетүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.

Ал эми Татьяна Борисова жөө жарыш боюнча мелдеште 2-орунга ээ болгон, бирок 1-орунду ээлеген индиялык спортчунун канында допинг табылган үчүн Борисова алтын медалды тагынган.

Медалчылардын тизмеси:

Алтын медалдардын ээлери:

  • Жеңил атлетика: Татьяна Ефименко;
  • Жеңил атлетика: Татьяна Борисова;

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Данияр Көбөнов;
  • Эркин күрөш: Алексей Крупняков;
  • Веложарыш: Евгений Ваккер;
  • Заманбап айкалышкан беш спорт (сууда сүзүү, чуркоо, ок атуу, ат оюндары жана фехтования) - Кыргыз курамасы;

Коло медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Уран Калилов;
  • Эркин күрөш: Улан Кадырбек уулу;
  • Кыз-келиндер арасындагы күрөш: Яна Панова;
  • Ок атуу спорту: Елена Костюкова;
  • Бокс: Таалайбек Кыдыралиев;
  • Бокс: Алексей Катулевский.

2006-жыл. Катар, Доха шаары.

15-жайкы Азия оюндары 2010-жылдын 1-15-декабрь аралыгында Катардын Доха шаарында өтүп, ага Азиянын 45 өлкөсү катышкан. Бул мелдеште спорттун 39 түрү боюнча 424 медалдар топтому ойнотулуп, ал үчүн 9 миң 500дөн ашуун спортчу ат салышкан.

Кыргыз өлкөсүнөн бул ирет 100дөн ашуун спортчу катышууга жолдомо алып, спорттун 25 түрүнөн күч сынашкан. Спортчуларыбыз жалпы 8 медалга ээ болушуп, алардын 2өө күмүш жана 6сы коло медалдар болгон. Күмүш медалдарды жеңил атлет Татьяна Ефименко жана веложарыштын чебери Евгений Ваккер тагынышкан.

Медалдылардын тизмеси:

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Жеңил атлетика: Татьяна Ефименко;
  • Веложарыш: Евгений Ваккер.

Коло медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Данияр Көбөнов;
  • Грек-рим күрөшү: Руслан Түмөнбаев;
  • Грек-рим күрөшү: Жанарбек Кенжеев;
  • Грек-рим күрөшү: Нурбек Ибрагимов;
  • Эркин күрөш: Алексей Крупняков;
  • Кыз-келиндер арасындагы күрөш: Яна Панова.

2010-жыл. Кытай, Гуанчжоу шаары.

16-жайкы Азия оюндары Кытайдын Гуанчжоу шаарында 2010-жылдын 12-27-ноябрь аралыгында өткөн. Мелдеште спорттун 42 түрүнөн 476 медалдар топтому ойнотулуп, ал үчүн 45 өлкөнүн 9 миң 700 спортчусу күч сынашкан.

Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 145 спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн күч сынашкан. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз спортчулары 5 медаль утуп алышкан, алардын 1и алтын, 2си күмүш жана 2си коло медаль болду. Кыргыз тарыхында Азия оюндарынын 3-алтын медалын балбан Данияр Көбөнов утуп алган.

Медалчылардын тизмеси:

Алтын медалдын ээси:

  • Грек-рим күрөшү: Данияр Көбөнов.

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Каныбек Жолчубеков;
  • Кайык менен сууда сүзүү: Кыргыз курамасы.

Коло медалдардын ээлери:

  • Веложарыш: Евгений Ваккер;
  • Грек-рим күрөшү: Жанарбек Кенжеев;

2014-жыл. Түштүк Корея, Инчон шаары

16-жайкы Азия оюндары 19-сентябрьдан 4-октябрга чейин Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн. Мелдешке 45 өлкөнүн 9 миң 500дөн ашуун спортчусу келип, спорттун 36 түрүнөн 439 медалдар топтому үчүн күч сынашкан.

Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 98 спортчу барып, спорттун 20 түрүнөн медалдар үчүн күрөшкөн. Азия оюндарынын жыйынтыгында Кыргыз спортчулары 6 медаль тагынганга үлгүрдү, алардын 2өө күмүш болсо, 4ү коло медаль болду.

Күмүш медалдарды Кыргыз капчыгына кайрадан эле веложарыштын чебери Евгений Ваккер жана эркин күрөш боюнча балбан Магомед Мусаев алып келишкен.

Медалчылардын тизмеси:

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Веложарыш: Евгений Ваккер;
  • Эркин күрөш: Магомед Мусаев;

Коло медалдардын ээлери:

  • Эркин күрөш: Эламан Догдурбек уулу;
  • Кыз-келиндер арасындагы күрөш: Айсулуу Тыныбекова;
  • Грек-рим күрөшү: Жанарбек Кенжеев;
  • Бокс: Турат Осмонов.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TalaCSKA
2018-08-16 19:20:47
Айланайын Евгений Ваккер таза рекордсмен экен го РЕСПЕКТ сага Жека !!!
+1
Karasuu27
2018-08-16 21:18:02
Мен да ошону жазайын дегем.Азамат Женя.
+1
Romantik.
2018-08-16 22:20:59
Женя бул ирээт алтын медаль күтөбүз!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан