Коомдук ишмер Токон Мамытов: "Барактын эли жер алмаштыруу боюнча маселе койгон"

Чет өлкөлүк "Интерфакс" жана "Фергана" агенттиктери Барак анклавын Кыргыз мамлекети Өзбекстанга берип, ордуна Кара-Суудан жер алат, ошондой жол аркылуу көп жылдан бери келе жаткан бул маселени чечет деп жазып чыгышты. Ошого байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жер алмашуу менен чек ара маселесин чечүү туурабы?" деген соболуна Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов жооп берет.

Анын айтымында, 2013-2014-жылы Барак анклавы маселеси өтө орчундуу болгон.

"2013-2014-жылдары Барак анклавы өтө орчундуу маселе болгон. Өзбек мамлекети менен чек аралардын, көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин баары жабык болуп калган. Ошондо Барактын эли аябай кыйналган. Эл Ошко Кызыл-Кыя аркылуу гана каттап калган. Азыркы президент ошол кезде өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болчу, мен өкмөттө иштечүмүн. Ал экөөбүз Барактын эли менен жолукканга барганбыз. Анда эл бизге эки маселе койгон. Биринчи "биз бул жерден кетебиз, бизге Ош облусунан ылайыктуу, суусу бар, жакшы жер бергиле, үй салабыз" деп кайрылган. Алар ооруканага, пенсия алганга бара албай, Ошто, Бишкекте окуган балдары ата-энелерине бара албай жатканын айтышкан. Биз "бул Кыргыз мамлекетинин жери, силер көчүп кетсеңер болбойт" деп айтканбыз. Анда алар "силер ушул жерди алмашкыла" деп экинчи маселесин айтышкан. Бул маселени өкмөттө талкуулаганбыз. Парламенттин дагы тийиштүү комитетине кайрылганбыз. Эл кандай чечим кабыл алса, эл менен бололу деп ушуга макул болуп сүйлөшүү процесстерин баштаганбыз. 3-4 жылдан бери сүйлөшүү процесси жүрүп жатат. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы бүгүнкү күнгө чейин чыга элек.

Дүйнө жүзүндө чек арага жакын жайгашкан айрым аймактарды алмашып, чек ара маселесин чечкен мисалдар көп. Орусия менен Прибалтика өлкөлөрү, Орусия менен Казакстан, Казакстан менен Өзбекстан, Кытай менен Тажикстан, Индия менен Пакистан, Бангладеш менен Индияда да ушундай практика болгон. Кыргыздар эле ойлоп тапкан жок. Мындай практиканы дүйнө жүзү таанып, колдоп келет", - деди Мамытов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан