Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров: "Чек ара көйгөйүн чечүү үчүн жерлерди алмаштыруу керек, мындан башка жол жок"

Чет өлкөлүк "Интерфакс" жана "Фергана" агенттиктери Барак анклавын Кыргыз мамлекети Өзбекстанга берип, ордуна Кара-Суудан жер алат, ошондой жол аркылуу көп жылдан бери келе жаткан бул маселени чечет деп жазып чыгышты. Ошого байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жер алмашуу менен чек ара маселесин чечүү туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров жооп берди.

Мурдагы эл өкүлү чек ара чырын чечүү үчүн жер алмаштырууну колдой турганын билдирди. Бирок ал жерлердин стратегиялык маанисин эске алууну баса белгиледи."Чек ара маселесин чечүү канчалык кечеңдеген сайын биз уттуруп жатабыз. Чек арада жайгашкан же Өзбекстандын аймагындагы жерде жашаган тургундардын социалдык маселеси чечилбей жатат. Аларга жумуш орун түзүлбөй, жашоо шарттары кыйын болгон үчүн алар жашаган жерин таштап башка жакка көчүүгө аргасыз болушууда. Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн жыш жайгашкан аймактагы тургундары бошогон жерлерге көз артып, биздин жерлерге кирип кетип, чек арада чыр-чатактар жаралууда.

Биз ошол көйгөйлөрдү чечебиз, чек арадагы чыр-чатактарды токтотобуз десек, анда жер алмашуу кадамына баруубуз зарыл. Мындан башка жол жок. Бирок негизги көңүл бура турган нерсе - алмаштырылып жаткан жерлердин тең салмактуулугу бири-бирине ылайык келери атайын дайындалган комиссия тарабынан аныкталуусу шарт. Кийин жергиликтүү тургундар тарабынан нааразычылыктар жаралбаш үчүн жерди салыштыруучу комиссиянын курамына жергиликтүү жамааттар да кошулуусу абзел. Анткени алар ошол жерлердин артыкчылыгы менен кемчилигин жакшы билишет.

Тең салмактуу дегенде жерлер бири-бирине көлөмү жана шарты жактан дал келсе эле алмашып салган да туура эмес. Эң башкысы, жердин стратегиялык маанисин эске алуу керек. Мисалы, коңшу өлкөлөр көз артып келген суу бөлүштүргөн жана насостук станция турган жерлер бар. Ошолорду берип коюп, алардын сууга болгон муктаждыгын чечип, өзүбүздүкүлөрдү суусуз калтырбагыдай болушубуз керек. Жердин көлөмү туура келди деп эле алмаштыра бербей, анын стратегиялык маанисин да эске алуу керек", - деди Кочкоров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов жана мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан