"Көлдүн сөзү"
Аа-бу, ханым, костюм-шымчан жасанып?
Бирок чиркин, чыкыясың жашарып.
Сени көрүп толкунданып, кубанып.
Сүйүнүчтөн көзгө турам жаш алып.
Чеч костюмду, ичте арман калтырба.
Ыштанды да, шыпырып сал тартынба.
Көл суусундай адал, таза иштей бер.
Карапайым калкың турат артыңда.
Тиги турган кайыкка түш, калкысын.
Түз иштесең, Кудай түздөйт аркысын.
Эски хандар, каргыш алды көбүрөөк.
А сен элдин алып калгын алкышын.
Дал ушул ыр саптарынын автору Таирбек Ерматов SUPER.KG порталы жарыялаган сынактын жеңүүчүсү болду. Таймаш жүздөгөн окурмандардын көңүлүн буруп, кызуу өттү. Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүн президенттин расмий фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган эле. Президенттин көл боюнда костюм-шым кийип, жалгыз кайыктын жанында түшкөн сүрөтү өзгөчө белгиленип, коомдо кызуу талкууга алынган.
Сынактын шарты боюнча окурмандар президенттин эс алуудагы сүрөтүнө ыр же кара сөз түрүндө аталыш жазышы керек эле. Окурмандар позитивдүү, тамаша аралаш, сын көз карашты камтыган түрдүү билдирүүлөрдү жазышкан. Үч билдирүү редакция тарабынан мыкты деп тандалып, окурмандардын добушуна коюлган. Оригиналдуу жана кызыктуу аталыш деп эсептеген билдирүүгө окурмандар добуш беришти.
Жеңүүчү деп табылган окурманга атайын байге - смартфон берилди. "Добуш берүү токтотулгандан кийин жеңгенимди көрүп сүйүндүм, секирип бийлегенге мүмкүнчүлүк болбой калды" деген Таирбек Ерматов сезимдери менен бөлүштү.
- Сынакка кантип катышып калдыңыз?
- Сынак тууралуу жарыяны Соңку кабардан окуп, катышып көрөйүнчү деп ыр жаздым. Көп адамдар жазып жатышканын көрүп жеңем деп ойлогон эмесмин. Утканыма дале ишенип-ишенбей турам. Бул да болсо чыгармачылыкка дем-күч берет экен.
- Ырыңыз "А-бу, ханым" деп башталганы да өзгөчө экен.
Өзүм Лейлектен болом. Бизде "А-бу, А-шу" дегенди көп колдонушат. Өзүмдүн стилим да ушундай десем болот. Сынактын шартында оригиналдуу болуусу жазылган экен. Кызыктуураак болсун деп ушинтип баштадым. Добуш берүү токтогондон кийин жыйынтыгын көрүп ишенбей кайра-кайра карап толкундандым. Секирип бийлегенге мүмкүнчүлүк болгон жок.
- Анда окурмандардын пикирин дагы окуп турсаңыз керек.
- Сынакта жеңүүчү болот, жеңилүүчү болот. Бул сынактын жеңүүчүсүн бир адам чечкен жок. Ал жакта көп каршы чыккандар болду. Көпчүлүк жакшы көрүп жаткандан кийин сүйүнүп калат экенсиң. Силер да катышкыла, уткула. Форумга киргениме 4-5 жыл болду. Ар 10 мүнөт сайын жаңылык чыгып турат, ошондуктан порталга тез-тез кирип турам.
- Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
- Лейлек районунда туулгам, 37 жаштамын. 2000-жылдары Орусияда соода менен алектенип жүргөм. 2007-жылы Москвада курулушта иштеп жүрүп үчүнчү кабаттан кулап кеттим. Ошондон кийин буттарым баспай калды. Москвада туура эмес операция жасап коюшуптур. Бишкектеги дарыгерлерге барганда алар жүлүнгө омуртканын сыныгы сайылып калганын айтышты. Басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар дешкенден кийин бир жыл мурун операция жасаткам. Азыр көнүгүүлөрдү жасап, басып кетүүгө аракет кылып жатам. Апам экөөбүз жашайбыз. Үй оокаттарын өзүм кылам. Карындаштарым үй-бүлөлүү. Жазган ырым аркылуу жеңүүчү болгонум мага эргүү болду. Мындан кийин да жакшы ырларды жазууга аракет кылам.
- Жеңишиңиз кут болсун! Чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайбыз!