Депутат Дастан Бекешев: "Азыркы өкмөт иштөөгө аракет кылып жатат, бирок чоң, так кадамдарды жасаган жок"

Таза суунун тарифин жогорулатуу, телефондорду 100 сом менен каттоо боюнча өкмөттүн демилгелери коомчулукта терс пикир жаратууда. Мындан улам күзүндө министрлер кабинети тарашы мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз өкмөтүн күзүндө эмне күтөт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.

Ал "өкмөт күзүндө отставкага кетет" деген жөн эле айтылган сөздөр деген пикирде.

"Өкмөттү отставкага кетет дегендер бул маалыматты кимге таянып айтып жаткандарын билбейм. Мындай сөздөр болгон эмес. Өкмөт күнү-түнү иштеш керек. Экономикалык жылыштар жок. Абылгазиев өзү жакшы киши, бирок азырынча экономиканын өнүгүшү боюнча иш жасай элек. Өкмөт иштөөгө аракет кылып жатат. Бирок чоң, так кадамдарды жасаган жок. Айлыктарды көтөрөбүз деп жатат. Качан, канчага көтөрө турганын так айта албай жатышат", - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Улугбек Ормонов, экс-депутат Феликс Кулов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Качкын Булатов жана коомдук ишмер Сапар Аргынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан