super.kg logo

Катар мамлекети Түркияга каржы каатчылыгынан чыгуусу үчүн 15 миллиард доллар бөлөт

 

Катар мамлекети Түркияга 15 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн башчылары 15-августта Анкара шаарында жолугуп, Катардын эмири Тамим бин Хамад аль-Тани түрктөрдүн каржы каатчылыгынан чыгуусуна акчалай жардам бере тургандыгын билдирген.

Эксперттер “бул Түркияны каржы каатчылыгынан куткарат” деген пикирлерин билдиришкен.

Жыл башынан бери Түркияда улуттук валютанын куну 40 пайызга чейин төмөндөгөн. 2018-жылдын январь айында 1 АКШ доллары 3,7 лирага барабар болгон болсо, учурда 6,3 лирага жетти. Ал эми 1 евро 4,5 лирадан 7 лирага көтөрүлгөн. Бул абалга расмий Анкара менен Вашингтондун карым-катышынын начарлашы себеп болгон.

Ушул жылдын 10-августунда АКШ Түркиядан алынып келген алюминий менен болотко бажы салыгын 20 пайыздан 50 пайызга чейин жогорулаткан. Дал ошол күнү Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган элди доллардан баш тартууга жана АКШдан чыгарылган электрондук товарларды сатып албоого чакырган. Мындан сырткары Кошмо Штаттардан алынып келген айрым товарларга бажы салыгын жогорулаткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
17.08.2018. 09:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
13-08-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:50
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мусулмандар ушундай бири бирине куйумдуу болуш керек, бизде акча болсо бизда жардам бергенде гана
17.08.2018. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
salah,
Сириялыктарга жардам бербейби. Байдын тузун бай жалайт кылбай. Мусулмандар журушот го Европада нан сурашып, дагы христяндар деп коюшат ары жоктор. Андай болсо европага эмес Катарга барышпайбы нан сурашып.
nuri1 түзөттү 2018-08-17 10:01:53
17.08.2018. 12:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
14-12-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri1,ар кимдин ырыскысы ар жерде, дуйнону экономика жактан дунгуроткон кытайдын жарандары Кыргызстанда тирилик кылып журушот
17.08.2018. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
29-05-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 15:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мусулмандар бири бирине жардам берсе жакшы .
17.08.2018. 09:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул Катар мамлекетинин кыйрашына алып келиши мумкун. Туркияга жардам бергени жакшы,бирок Америка бул кичинекей мамлетти тез эле олку-солку абалга алып келип коюшу мумкун( саясый жактан дагы, экономикалык дагы).Эн ириде бул нергесе Араб олколорунун оз ара бирмдигинин жоктугу, оз ара атаандаштыгы себерп болушу мумкун.
17.08.2018. 10:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Афганистан Сирия Ливия Африка олколоруно жардам берсе болмок. Катарлыктар хитрый калк болушат экен
17.08.2018. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанга дагы 5 млрд бөлүп койсунчу каржы каатчылыгынан чыгып алалы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: