ЖЫЛНААМА, 17-АВГУСТ: Волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу 27 жашка толду
Кыргыз өлкөсүнүн волейбол боюнча курама командасынын оюнчуларынын сап башында тургандардын бири Оңолбек Каныбек уулу бүгүн, 17-августта 27 жашка толду. Спортчуну куттуктап байланышканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, "маанайым абдан жакшы. Туулган күнүмдү командамдын курчоосунда эң мыкты деңгээлде өткөрүп жатам" деген жообун узатты.
Оңолбек Каныбек уулу тууралуу кыскача маалымат:
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тоң району, Оттук айылы
Туулган күнү – 17-август, 1991-жыл
Бою – 196 сантиметр
Салмагы – 98 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Машыктыруучусу – Самат Догочиев, Мирлан Амантуров
Жетишкендиктери – Волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугунун "Мыкты оюнчусу" наамынын ээси, Борбордук аймактын тандоо турунун "Мыкты оюнчусу",
Дүйнө чемпиондугунун 2-тандоо турунун "Мыкты оюнчусу".
Волейболчунун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
"Таиландда волейбол жакшы өнүккөн. Оюнчулары күчтүү. Беттештер болгондо көрүүчүлөр аябай көп келет. Волейбол клубдарынын атайын фан-клубдары да бар. Ал эми оюнун салыштырсам, булар утуп жатабы, утулуп жатабы, жылмайып ойношот экен. Биз, кыргыздар бир аз олуттуу болобуз го, бир жолу оюн учурунда упай ала албай жатканыбызга жиним келди эле, машыктыруучу "жигиттер сенин маанайыңды көрүп алып ойной албай жатышат" деп мени алмаштырып салган. Ошондон бери жылмайып ойноп жатам".
Ушул жылдын 1-апрелинде Таиланддын Суперлигасынын финалдык беттештери орун алган. Анда Оңолбек Каныбек уулунун "Эйр Форс" командасы "Васакха" командасы менен күч сынашып, 3 партияга созулган беттеште "Эйр Форс" командасы 3:0 (партиялар боюнча 25:22, 25:12, 25:20) эсеби менен жеңишке жеткен. Ал эми Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу беттештин мыкты оюнчусу аталган.
Ал эми волейболчу ушул жылдын 18-августунан 2-сентябрына чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтө турган Азия оюндарына катышат. Ага катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн атынан 120дан ашык спортчу барат. Азия оюндарынын ачылыш аземинде Кыргыз туусун волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыгат.
17-августтун жылнаамасы.