super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-АВГУСТ: Көрөрмандары көрүп жатып кошулуп ыйлаган түркиялык "Түбөлүктүү сүйүү" сериалындагы баш каарман Нихан 26 жашка чыкты

 

Бүгүн көпчүлүк сүйүп көргөн, көрөрмандары көрүп жатып кошулуп ыйлаган түркиялык "Түбөлүктүү сүйүү" ("Kara sevda") сериалынын башкы каарманы Нихандын ролун жараткан Неслихан Атагүл 26 жашка чыкты. Ал 1992-жылы 20-августта Түркиянын Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Бою168 сантиметр. Салмагы56 килограмм.

КИНОГО ӨСПҮРҮМ КЕЗИНДЕ КЕЛГЕН
Неслихандын ата-энеси мегаполистин жөнөкөй жашоочулары, атасы айдоочу, апасы көпчүлүк түрк айымдардай эле үй кожойкеси болгон. Апасы кызынын талантын байкап, келечегин көрө билип колдоо көрсөтө баштаган. Ошентип кичинекей кезинде ал актрисалыкка жетүүнү өз алдына максат кылып койгон.

Болочоктогу актриса сериалдарды кууп көрүп, актрисаларды туурап киного тартылгысы келчү. Атагүлдүн карьерасы алгач жарнамалык роликтерге тартылуу менен башталган. 2005-2006-жылдары "Tofita", "Valenza Kids" жана "Sutas" бренддеринин жарнамаларына модель катары тартылган.

2006-жылы 13 жашында алгачкы ирет "Биринчи сүйүү" ("Первая любовь") аттуу тасмага тартылып, жергиликтүү кинофестивалда "Келечектен көптү үмүттөндүргөн актриса" наамына арзыган. Актрисалык дареметин көргөн киносынчылар Неслиханды бир ооздон келечекте башкы ролго татыктуу актриса болот деп жоромолдошкон. Алар чынында жаңылышкан эмес.

2008-2009-жылдары Неслихан "Күзгү жалбырактар" ("Листопад") сериалынын 34 сериясына катышкан.

2011-жылы сүйүүнү даңазалаган "Жүрөгүм сени тандады" (Мое сердце выбрало тебя") тасмасынын ажарын ачкан.

2013-жылы Неслихан Атагүл "Стамбулдун эки жүзү" ("Два лица Стамбула") сериалында баш каармандын ролун ойноого сунуш алган.

Бүтүндөй Түркияга "Жашоо улана берет" ("Жизнь продолжается") тасмасындагы башкы каарман Элифтин ролу менен таанылган (2015).

Жаш болгонуна карабай 2012-жылы тартылган "Кат" ("Чистилище") тасмасындагы Зехранын ролу үчүн ата мекендик жана эл аралык сыйлыктарга татыган.

АКТРИСАНЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН "ТҮБӨЛҮКТҮҮ СҮЙҮҮ" СЕРИАЛЫ

2015-2017-жылдары "Түбөлүктүү сүйүү" тасммасынын 2 сезонуна тартылды. Неслихандын аталган сериалдагы каарманы бир учурда периште жана азезил. Анын каарманынын милдети – телекөрүүчүлөргө ийгиликтүү, бай адамдардын да көйгөйү бар экенин, көпкө күттүргөн бакытка тоскоолдуктар аркылуу жетерин көрсөтүү эле. Көрүүчүлөр анын сүйүүсүнө күбө болуп, ал ыйласа ыйлап, күлсө кошо күлүп келишет.

Өнөктөшү Бурак Өзчивит менен сүйүү түбөлүктүү болорун далилдеп, сериалдын планында жок 2-сезонун тартууга түрткү болушкан. Эң башкысы, бул сериал сулуулугу менен таланты жуурулушкан Неслиханды дүйнөгө таанытты.
Белгилей кетсек, актрисанын жигити Кадир Догулу аны Бурактан кызганып тартуу аянтчасында кошо жүргөн. Бул тууралуу Бурак: "Кадир менин досум, экөөбүздүн ортобузда эч кандай түшүнбөстүктөр жок", - деп жооп берген. Ал эми өз кезегинде Кадир социалдык тармактагы баракчасына: "Ал ушундай өзүн сүйгөн адам экен, бул абдан коркунучтуу", - деген жообун узаткан. Буга Бурак таарынып, түгөйлөрдүн үлпөт тоюна барбай койгон.

2017-жылы "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы Американын Нью-Йорк шаарында өткөн "Эмми" эл аралык сыйлыгынын 45-тапшыруу аземинде "Эң мыкты чет элдик теленовелла" наамына татыды.

2018-жылы "Жан кечти" ("Самоубийца") жана "Түп" ("Дно") тасмаларына тартылууга жетишти.

СҮЙҮҮСҮН ЭКРАНДАН ТАПТЫ

Көк көзү менен популярдуу болгон түрк актрисасы Нургүл Йешилчайды басып өтүп, Неслихан учурдагы түрк киносунун бермети аталып жаткан кези. Жаш актрисанын жеке жашоосу да ийгиликтүү болду. "Стамбулдун эки жүзү" сериалы Неслиханды болочоктогу жолдошу Кадир Догулу менен жолуктурат. Тасмада сүйүктүүлөрдү ойногондор сезимдерин сериалдан тышкары да улантып, 2 жыл кыз-жигит болуп жүрүп 2016-жылы 8-июлда баш кошушкан. Кадир ар бир маегинде "Неслихан - жашоомдун маңызы жана эң керектүү адамым" деп айтуудан тажабайт. Ал эми Неслихан "эгер ишенич болбосо, анда сүйүү да өчөт. Эч качан күмөн санаган адам менен болбо" деп айтып келет.

"КАСАПЧЫЛЫККА КЫЗЫГАМ"

"Мен эркектердин акылына көңүл бурам, калганы анча маанилүү эмес. Эгер мен бир гана аны көргүм келип, жанында болууну кааласам, анда башымды жоготуп сүйүп калганыман кабар берет".
"Мен дайыма туура кадам таштаганга аракет кылчумун. Себеби кылган ишиме кийин өкүнгүм келчү эмес. Ар дайым жакшы жыйынтыкка жетип, артка кылчайып өзүм менен сыймыктангым келет".
"Эч качан атак-даңкты сүйгөн эмесмин. Мен бир гана апам мени менен сыймыктанышын каалайм".
"Актриса болбой калсам, касапчы болмокмун. Мага бул жумуш кызыктуу сезилет", - деген ал өз билдирүүлөрүндө.

Актрисалыктан тышкары моделдик кесибин улантып келет.

Неслихан Атагүл келбетине өзгөчө көңүл буруп, тамакты мүнөздөп жеп, йога менен машыгат. Атагы артып турса да кымбат баалуу кийим, гаджеттерге кызыкпайт.

Актриса китеп окуганды жакшы көрөт. Анын сүйүктүү жазуучуларынын арасында Франц Кафка, Карлос Кастанеда, Урсула Ле Гуиндин чыгармалары, ошондой эле Тим Бёртондун жана Дэвид Линчтин тасмаларын көрүүнү жактырат.

20-августка карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.08.2018. 18:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
07-11-2018 14:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
убактылуу жашоодо!!!
-1
Жакшы кором)
20.08.2018. 20:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 23:05
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dilbaranurdinova,мениби)..?
21.08.2018. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
27-03-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 00:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мм, бир күндө туулган экенбиз да...
21.08.2018. 08:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
18-02-2010
Соӊку аракети:
19-11-2018 21:19
Жынысы:
Белгисиз
0
ikitaidesu,анда сенин туулган кунун менен.
21.08.2018. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
26-02-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
админдер Берен Саат жонундо да жазгылачы
25.08.2018. 09:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 18:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кашын тербейт окшойт татуажда жасатпаган экен сериалды көрүп эле байкагам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: