Жайкы Азия оюндарынын күрөш боюнча мелдешине Кыргыздын 2 балбаны катышпай турган болду. Алар допинг колдонууда шектелгени айтылууда

Өлкөбүздөгү алдыңкы балбандардын бири, эркин күрөш боюнча Азия чемпиону жана эл аралык даражадагы спорт чебери Муслим Евлоев Индонезияга өтүүчү Жайкы Азия оюндарына катышпай турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Айтымында, Азия оюндарынын эркин күрөш боюнча мелдешинин фаворити жана алтын медалына талапкер Муслим Евлоев допинг колдонгон деген шек менен Индонезияга барбай калды. Муслим Евлоев 74 килограмм салмак ченинде күч сынашмак. Ошондой эле шек менен 57 килограмм салмак ченинде күрөшө турган Алибек Ташматов да мелдешке барбай калды. Аны оюндарда Алмаз Сманбековго алмаштырат.

Бул тууралуу федерацияга кайрылганда, Евлоев мелдешке катышпай турганын ырастап, бирок себебин так айтуудан баш тартышты.

Эске салсак, Муслим Евлоев март айында Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда Кыргыздын капчыгына алтын медаль алып келген. Ал июнь жана июль айларында Кыргыз курама командасы менен окуу-машыгууларды өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kyialreal
2018-08-17 23:39:35
Ишенген балбанывыз болчу. Эххх аттин
0
Romantik.
2018-08-18 00:47:34
Чоң жоготуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан