Орусияда футбол ойноп жаткан топ балдар уруша кетип, 22 жаштагы Кыргыз жараны каза болду

Орусияда футбол ойноп жаткан топ балдар уруша кетип, 22 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматовдун айтымында, окуя 14-август күнү Красногорск шаарынын Нахабино районундагы футбол аянтчасында болгон.

Маалым болгондой, Кыргыз жарандары менен Тажикстандын жарандары футбол ойноп жатып пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада 22 жаштагы Ш.у.Ж. аттуу Кыргыз жараны жаракат алып каза болгон. Ал Токтогул районунун тургуну экендиги айтылды. Маркумдун жансыз денеси туулган жерине Орусияда иштеген Кыргыз жарандары тарабынан чогултулуп берилген акча менен жөнөтүлдү.

Бул факты боюнча Красногорск шаардык тергөө комитети иш козгоп, шектүү жарандар кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ZhanMM
2018-08-18 12:21:45
Эхх... дагыбы? Дагы бир кырчын омур кыйылдыбы а?
+9
Meni_unut
2018-08-18 12:23:30
Эхх чет жерде тынч журолучу.
+1
Rasul94
2018-08-18 12:24:57
Тажиктердин жургон жери тополон
+11
patiydin
2018-08-18 12:26:23
Ушул тажиктер тойгозду. Алар жалгыз болсо эч нерсе кыла албайт. Откондо озбектер кылды эле. Бирикчи Кыргызым.
+19
ArgenMers
2018-08-18 12:54:38
Негизи мусулмандар бөлүнбөш керек бирок негедир тажик өзбектер жага бербейт вообще
+21
nemo2016
2018-08-18 14:03:33
Аллахым бейишин берсин.Тажиктер аарыга окшоп ызылдап начар калк бирок тажиктерден откон кыргыздар да начар калкбыз уюму жок ынтымакта болойлук кыргыздар десен сен аркалык сен оштук деп болуно баштайт
+14
Rasul94
2018-08-18 15:46:17
nemo2016,туура айттын.биз
жада калса ушул форумда тытышып
бутпойбуз го
+9
taalay25
2018-08-18 14:14:41
Кунуно бир жук 200 кетип атат. Биздин чондор миграция замандын агымы чочулоонун кереги жок деп столдорун кучактап отурат. Же мамлекет тарабынан мигранттардын коопсуздугу тууралуу бир чаралар жок же страховка жок. Олгон адамдын соогун дагы оз алдынча жонотуп атышат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан